Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:03

Журналист жана активист Канышай Мамыркулова эки айга камакка алынды


Канышай Мамыркулова.
Канышай Мамыркулова.

Бишкектин Свердлов райондук соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды. Журналисттин бөгөт чарасын кароону сот бүгүн 22-мартта түшкү 12ден өтүп баштап, чечимин саат 19га жакын жарыялады.

Бөгөт чарасынын мөөнөтү 19-майга чейин деп аныкталды.

Сот отуруму жабык өтүп, ага адвокаттан башка жакындары, кызы дагы киргизилген жок.

Журналистти колдоп сот имаратынын алдына чогулган 30дай киши “Канышайга боштондук”, “Сот ачык болсун” деп кыйкырып турушту.

Мамыркулованы үйүнөн милиция кармап кеткени 20-мартта белгилүү болгон. Жакындары милиция кызматкерлери анын үйүнө сатып алуучу кардар катары барып, күч менен алып кеткенин айтышкан.

Бишкек шаардык милициясы Мамыркулова "массалык башаламандыкка чакырыкка" жана "улут аралык кастыкка" шектелип кармалганын билдирди.

ИИМ соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыкканын кошумчалаган. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине ылайык ("Массалык баш аламандыктар") иш козголуп, Мамыркулова Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына камалганын кабарлаган.

Адвокат Нурбек Сыдыков Канышай Мамыркулова дагы бир берене боюнча айыпталып жатканын билдирген. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин ("Улут аралык кастыкты козутуу") негизинде да айып тагылары 21-мартта сурак алдында айтылган.

21-мартта өлкөдөгү укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдошту. Кайрылууда журналистти камакта кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келери айтылган. Анын үстүнө анын саламаттыгы абдан кооптуу абалда экени да белгиленген.

49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG