АКШ президентинин атайын чабарманы Стиф Уиткофф Украинанын бийлиги президенттик шайлоо өткөрүүгө макул болгонун билдирди. Бул тууралуу ал 22-мартка караган түнү эфирге чыккан журналист Такер Карлсонго берген интервьюсунда айтты.
“Ооба, өтөт. Алар буга макул болушту”, - деди Уиткофф.
Дональд Трамптын атайын чабарманы Орусиянын Украинага каршы согушундагы эң чоң маселе аннексияланган Крымдын статусу жана Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон аймактарынын айрым жерлеринин орус армиясынын көзөмөлүнө алынышы болгонун белгиледи.
“Бул аймактар орус тилдүү, ал жакта референдум өтүп, көпчүлүк Орусиянын курамында болууну колдогон. Менимче, дал ушул нерсе жаңжалдын өзөгү. Бул биринчи кезекте чечилиши керек”, - деди Уиткофф.
Киев буга чейин бир нече жолу Украинанын аннексияланган аймактарын Орусияныкы катары тааныбай турганын кайталаган.
Украина Уиткоффтун билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.
Украинада кезектеги президенттик шайлоо 2024-жылы майда өтүшү керек болчу. Бирок согуштук абалга байланыштуу ал болбой калган жана башка дагы добуш берүүлөргө тыюу салынган. Учурдагы аскердик абал 9-майда бүтөт.
Украинада президенттик шайлоо өткөрүү идеясын Владимир Зеленскийди “легитимсиз” деп атаган Кремль кубаттап жатат. Зеленский өзү Украина НАТОго кабыл алынса гана согуш аяктаганга чейин кызматтан кетерин айткан.
Шерине