Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:14

Запорожьеде Орусиянын соккусунан үч өмүр кыйылды, Киев жапырт чабуулга кабылды


Украина.
Украина.

Орусия Украинага соккуларын улантууда. 22-мартка караган түнү борбор калаа Киев жапырт дрон чабуулуна кабылганын "Азаттыктын" украин кызматы билдирди. Жалпысынан 52 учкучсуз учак колдонулганын Киев шаардык аскердик администрациясы кабарлады.

Абадан чабуул коюлушу ыктымал экени тууралуу эскертүү 3,5 саат уланганы, 52 согуштук дрондун 36сын абадан коргонуу системалары жок кылганы маалымдалды.

Көп кабаттуу үйлөрдүн бирине дрондун сыныгы түшүп, өрт чыкканы, адамдардан эч ким жабыркабаганы айтылды.

Ал эми Запорожье аймагында Орусиянын соккусуна кабылган жерде куткаруу-издөө иштери аяктады. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, 21-марттагы чабуулдан кийин үч кишинин өмүрү кыйылды, 12 киши жараат алды.

Жабыркагандар арасында ымыркай бар экени кабарланды.

Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы күрөшүп келатканына үч жыл болду. Москва коңшусуна кол салганы, жайкын тургундарын өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду четке кагууда. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG