Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:14

Сот журналист Мамыркулованын бөгөт чарасын жабык кароодо


Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасы каралып жатат. 22-март, Бишкек.
Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасы каралып жатат. 22-март, Бишкек.

Бүгүн 22-мартта Бишкектин Свердлов райондук соту журналист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын карап жатат. Сот отуруму жабык өтүүдө. Ага адвокаттан башка жакындары, кызы дагы киргизилген жок.

Журналистти колдоп сот имаратынын алдына чогулган 30дай киши “Канышайга боштондук”, “Сот ачык болсун” деп кыйкырып турушту.

Эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы үйүнөн милиция кармап кеткени 20-мартта белгилүү болгон. Жакындары милиция кызматкерлери анын үйүнө сатып алуучу кардар катары барып, күч менен алып кеткенин айтышкан.

Бишкек шаардык милициясы Мамыркулова "массалык башаламандыкка чакырыкка" жана "улут аралык кастыкты козутууга" шектелип кармалганын билдирди.

ИИМ соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыкканын кошумчалаган. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине ылайык ("Массалык башаламандыктар") иш козголуп, Мамыркулова Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына камалганын кабарлаган.

Адвокат Нурбек Сыдыков Канышай Мамыркулова дагы бир берене боюнча айыпталып жатканын билдирди. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин ("Улут аралык кастыкты козутуу") негизинде да айып тагылары 21-мартта сурак алдында айтылган.

21-мартта өлкөдөгү укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдошту. Кайрылууда журналистти камакта кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келери айтылган. Анын үстүнө анын саламаттыгы абдан кооптуу абалда экени да белгиленген.

49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG