Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

Эл аралык миграция уюму: 2024-жылы мигранттардын өлүмү көп катталды


Америкага жол тарткан Мексиканын Кунталапа шаарындагы шоссе боюнда эс алууда, 6-ноябрь, 2024-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Америкага жол тарткан Мексиканын Кунталапа шаарындагы шоссе боюнда эс алууда, 6-ноябрь, 2024-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык миграция уюмунун (IOM) жаңы баяндамасына ылайык, 2024-жылы дүйнө жүзү боюнча 8 938 мигрант каза болду. Бул каттоо жүргүзүлө баштагандан берки эң жогорку көрсөткүч. 2023-жылы 8 747 мигранттын өлүмү катталган.

“Дүйнө жүзү боюнча мигранттардын өлүмүнүн көбөйүшү кабыл алынгыс жана алдын алууга мүмкүн. Ар бир сан – бул адамдын тагдыры, анын жоголушу үй-бүлөлөр үчүн чоң трагедия”, – деди уюмдун жогорку даражалуу өкүлү Угочи Дэниэлс.

Жер Ортолук деңизинде эле былтыр Европаны көздөй багыт алган 2 452 киши каза тапкан. Бул рекорддук көрсөткүч болбосо да, мындай коркунучтуу сапарлардын ордуна коопсуз жана мыйзамдуу миграциялык жолдорду камсыз кылуу зарылдыгын чыгууда.

Америкада 2024-жылы кеминде 1 233 мигрант каза болгон. Айрыкча, Кариб деңизинде 341 адам, Дарьен токойлорунан өтүүдө 174 адамдын өмүрү кыйылганы рекорддук көрсөткүч болуп калганы белгиленет.

Дүйнө жүзүндө мигранттар арасында зомбулуктан каза болгондордун саны дагы эле жогору бойдон калууда.

Уюм белгилегендей, мигранттардын өлүмү жана дайынсыз жоголушунун саны расмий катталган көрсөткүчтөрдөн кыйла жогору болушу мүмкүн, анткени көп учурлар расмий булактардын жоктугунан документтештирилген эмес.

Мындан тышкары, каза болгон же дайынсыз жоголгон адамдардын көбүнүн аты-жөнү жана демографиялык маалыматтары белгисиз бойдон калууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG