Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:13

Трамп: АКШ менен Украина жакын арада минералдар боюнча келишимге кол коет


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

Американын президенти Дональд Трамп жакын арада Киев менен Вашингтон сейрек кездешүүчү минералдар жана табигый ресурстар боюнча келишимге кол коёрун билдирди.

Трамп 20-мартта Ак үйдө журналисттерге берген маегинде Украинадагы тынчтык келишимине жетишүү боюнча аракеттер "жакшы жүрүп жатканын" айтты.

"Биз Украина жана Орусия боюнча жакшы ийгиликтерге жетишип жатабыз. Ошондой эле жакын арада Украина менен сейрек кездешүүчү кен байлыктар боюнча келишимге кол коёбуз", – деди Трамп.

Трамп бул билдирүүнү жасап жаткан учурда Орусиянын күчтөрү Одессадагы жарандык инфраструктурага чабуул койду. Үч адам, анын ичинде бир секелек жараат алганы кабарланды.

Облус губернатору Олег Кипердин айтымында чабуулдан улам үч жерде өрт тутанган.

Киев менен Вашингтон февраль айынын башында Украинанын стратегиялык минералдык ресурстарын өнүктүрүү боюнча кеңири келишим түзүүнү макулдашкан. Бирок 28-февралда Ак үйдөгү Трамп менен Зеленскийдин катуу кайым айтышуусунан кийин бул келишимге кол коюлбай калган.

Трамп менен Зеленский 19-мартта телефондон сүйлөшүп, Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу үчүн чогуу иштешүүгө макулдашты. Ак үй бул сүйлөшүүнү "фантастикалык" деп мүнөздөдү.

Минералдар боюнча келишимдин шарттары өзгөргөн-өзгөрбөгөнү белгисиз. Макулдашуунун мурдагы версиясында Зеленский талап кылган коопсуздук кепилдиктери камтылган эмес.

Ал келишимге ылайык, украин өкмөтү мамлекетке таандык жаратылыш ресурстарын сатуу аркылуу түшкөн кирешенин 50 пайызын АКШ-Украина башкарган кайра куруу инвестициялык фондуна бөлүүгө милдеттендирилген.

20-мартта Трамп Американын ички рыногунда литий жана башка маанилүү минералдардын өндүрүшүн күчөтүү боюнча буйрукка кол койду.

Шерине

XS
SM
MD
LG