Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

БУУнун комиссары Кыргызстандагы адам укугу, сөз эркиндигинин абалына тынчсыздануу билдирди


Бишкектеги басма сөз жыйын. 20-март, 2025-жыл
Бишкектеги басма сөз жыйын. 20-март, 2025-жыл

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк Кыргызстанда адам укуктары бузулган жана сөз эркиндиги кысымга алынган фактылар бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал 20-мартта Бишкектеги сапарынын жүрүшүндө Улуттар Уюмунун өкүлчүлүгүнүн баш кеңсесинде өткөн маалымат жыйында айтты.

Ал бир нече активист жана журналисттер камалганын, айрым медиаларга чектөөлөр болгонун мисал келтирди.

"Мен Кыргызстан өткөөл мезгилде турганын түшүндүм. Акыркы жылдары көз карандысыз жарандык коомдун ишин чектеген бир катар кадамдар жасалды. Биз жарандык коом жана эркин журналистика негизсиз чектөөлөргө кабылып, коркуу жана өзүн-өзү чектөө атмосферасы пайда болуп жаткандыгынын белгилерин байкап жатабыз. Мен жөн гана пикирин айтканы үчүн сотко чейин камалган же кылмыш жоопкерчилигине тартылган журналисттердин, блогерлердин, укук коргоочулардын, социалдык тармактардын колдонуучуларын санын көбөйүп жатканына камтама болуп жатам", – деди БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары.

Волкер Түрк маалымат жыйынга чейин 19-мартта президент Садыр Жапаров менен жолугушкан. Президент Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарып жатканын, жалпыга маалымдоо каражаттары, бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамдар коомчулуктун катышуусунда кабыл алынып жатканын билдирген.

Түрк Кыргызстандан социалдык-экономикалык өнүгүү, Борбор Азия аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча иштер тууралуу маалымат алып жатканын белгилеп, Кыргызстанды Тажикстан менен чек араны тактоону аякташы менен куттуктаган. Коомдогу көйгөйлөрдү жана чакырыктарды талкуулоого жарандык коомдун катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеген.

Жогорку комиссар басма сөз жыйында да кыргыз-тажик чек ара келишимин кубаттады. Кыргызстан экономикалык жактан өсүштү көрсөтүп жатканын, күчтүү жарандык коомго ээ экенин, коомдун өнүгүшү үчүн адам укугу, мыйзамдуулук маанилүү экенин, бул жагдайлар инвесторлордун ишениминин пайда болушун жана бизнестин туруктуу өнүгүшүн шарттай турганын да эске салды.

Волкер Түрктүн мындай билдирүүсү журналист, активист Канышай Мамыркулова кармалган учурга туш келди.

20-мартта эркин журналистти үйүнөн милиция кармап кеткени белгилүү болгон. Жакындары милиция кызматкерлери кардар катары анын үйүнө барып, күч менен алып кетишкенин айтышкан. Кийинчерээк адвокат Нурбек Сыдыков Мамыркулова 48 саатка камакка алынганын “Азаттыкка” кабарлаган.

ИИМ Канышай Мамыркулова "массалык башамаландыкка чакырыкка" жана "улут аралык кастыкка" шектелип кармалганы тууралуу маалыматты ушул күнү түндө таратты. Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине ылайык ("Массалык баш аламандыктар") иш козголуп, Мамыркулова Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына камалганын кабарлаган.

49 жаштагы Канышай Мамыркулова буга чейин бир катар маалымат каражаттарында иштеген. Соңку жылдары эркин журналист катары соцтармактарда активдүү болуп, коомдук-саясий окуяларга пикирин билдирип, бийликтин айрым иштерин кескин сындап жазып турган.

Учурда Мамыркулованын кармалышына байланыштуу журналисттер, айрым саясатчылар тынчсыздануусун билдирип, соцтармактарда кызуу талкууланууда. Алар журналисттин ден соолугун начар экенин жазышып, үй камагына чыгарууну бийликтен талап кылууда.

Канышай Мамыркуловадан тышкары азыр соцтармактагы билдирүүлөр, иликтөөлөр үчүн айыпталган журналист, активист, блогер, акындарды кошкондо бир нече киши ар кандай айыптар менен абактарда отурат.

Бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталап келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG