Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

"Талибандын" туткунундагы америкалык жаран Глезман бошотулду


Кабулдагы "Талибандын" өкмөт мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан америкалык делегация. 20-март, 2025-жыл.
Кабулдагы "Талибандын" өкмөт мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан америкалык делегация. 20-март, 2025-жыл.

Ооганстандын өкмөтүн башкарган "Талибан" кыймылы 20-мартта туткунундагы америкалык жаранды бошотконун жарыялады. Георг Глезман талибдердин барымтасында эки жарым жыл кармалып турду.

Бул чечим АКШнын туткундар боюнча өкүлү Адам Бёлер менен талиб өкүлдөрүнүн Кабулдагы түз сүйлөшүүлөрүнөн кийин кабыл алынганын "Рейтерс" агенттиги өз булактарына таянып жазды. Ооганстандын баш калаасына барган америкалык делегациянын курамында Вашингтондун Кабулдагы атайын өкүлү Залмай Халилзад дагы болду.

Георг Глезман 2022-жылы турист катары Кабулга барганда кармалган. Ага чейин ал Атланта шаарындагы Delta Airlines авиакомпаниясында механик болуп иштечү. 20-марттын кечинде ал Катарга учуп кеткени, кийинчерээк АКШга кайтаары маалым болду.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Глезмандын бошотулганын X социалдык түйүнү аркылуу ырастады.

Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Бёлер Талибандын тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен жолугушкан.

Глезман эч кандай келишимисиз, Талибандар тарабынан "жакшы ниет" катары бошотулганы маалым болду.

Глезмандын бошотулушу Бёлер жетишкен эл аралык деңгээлдеги экинчи ийгиликтүү сүйлөшүү болду. Ал жакында Орусияда камалган америкалык мугалим Марк Фогелдин бошотулушуна да көмөктөшкөн.

Ошондой эле, Бёлер ХАМАС тобу (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Газа тилкесиндеги туткундарды бошотууга аракет кылган.


Шерине

XS
SM
MD
LG