Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Журналист Канышай Мамыркулованы милиция кармап кеткени кабарланууда


Канышай Мамыркулова
Канышай Мамыркулова

20-мартта эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы милиция кармап кеткенин адвокат Нурбек Сыдыков "Азаттыкка" ырастады. Ал ушул тапта журналист Бишкек милициясында экенин кошумчалады. Мамыркулова кайсы беренеге байланыштуу айыпталып жатканы азырынча белгисиз экенин айтты.

Жарандык активист Аманбол Бабакулов Мамыркулованы үйүнөн беш киши кармап кеткенин жакындарына таянып билдирди. Ал күч түзүмдөрүнөн чакыруу келбегенин белгилеп, учурда журналисттин санаалаштары Ички иштер министрлигине баратканын кошумчалады.

Журналист Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнө ("Массалык баш аламандыктар", "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") байланыштуу кармалганы кабарланып жатат.

Милиция азырынча маалымат бере элек.

Журналист Канышай Мамыркулова жергиликтүү басылмаларда иштеп келген. Акыркы учурда социалдык тармактар аркылуу бийликти сындаган пикирлерди жазып жүргөн.

Ал 2023-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча атайын кызматка сурак берип чыккан. Шамшидин уулуна Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кийин ал “Массалык баш аламандыктар” беренесине алмаштырылган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG