Түркиянын ар кайсы аймактарында миңдеген адамдар Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглунун кармалышына каршы митингге чыгышты.
Ал президент Режеп Тайып Эрдогандын негизги саясий атаандашы болуп саналат. Маалыматка караганда, полиция нааразылык акциясынын катышуучуларын таркатуу максатында атайын каражаттарды колдонду.
Стамбулда митингдер мэриянын, полиция бөлүмүнүн алдында, ошондой эле университеттин жанында өтүп жатат.
Бул окуу жай Имамоглунун дипломун жокко чыгарып, аны президенттикке талапкер болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан.
Мэриянын алдында чогулгандарга оппозициядагы Республикалык элдик партиянын лидери Өзгүр Өзел кайрылды. Партия Экрем Имамоглуну алдыдагы президенттик шайлоого талапкер катары көрсөткөн.
Өзел Стамбул мэринин камалышын мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети катары баалады.
Стамбул провинциясынын бийлиги демонстрацияларга жана митингдерге тыюу салган. Ага карабастан нааразылык акциялары уланууда. Толкундоолор Анкара сыяктуу башка шаарларда да болду.
19-март күнү эртең менен Түркиянын полициясы Имамоглуну жана анын командасынын мүчөлөрүн кармап кеткен.
Аларга коррупциялык кылмыштарга жана бизнес өкүлдөрүнөн опузалап акча өндүргөн кылмыштуу топ түзүүгө байланыштуу айыптар тагылып жатат.
Ошондой эле 100дөн ашуун адамды кармоо боюнча ордерлер берилди. Түркиянын Юстиция министрлиги бул иштин саясий негиздери жок деп билдирүүдө. Ал эми Имамоглу кармалышын элдин эркине сокку урулган учур катары мүнөздөп, жарандарды нааразылык акцияларына чыгууга чакырды.
Экрем Имамоглу 2019-жылдын март айынан бери Стамбул шаарынын мэри кызматын аркалап келет. Ал эгерде президенттикке талапкерлигин койсо, учурдагы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын негизги атаандашы болуп калмак.
Шерине