Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Ырчы Примбердиев Кенесары тууралуу айтканы үчүн 100 миң сом айыпка жыгылды


Кайрат Примбердиев.
Кайрат Примбердиев.

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, ырчы Кайрат Примбердиевге казакстандык AIRAN YouTube каналына берген маегинде айтылган сөздөрү үчүн 100 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу ырчы өзү бүгүн, 20-мартта Инстаграм баракчасына жазды.

Маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастап, Примбердиев Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу” беренеси боюнча айыптуу деп табылып, айып пул түрүндө 100 миң сом мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирилгенин кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 10-февралда ырчыга Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын билдирген.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, ага AIRAN деп аталган YouTube каналында берген маегинде сүйлөп жатып, "улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасаган" деген кине коюлган.

9-январда казакстандык AIRAN YouTube каналы “Кыргыздар казактардан эмнеси менен айырмаланат? Кыргызстандагы демократияга ким тоскоолдук кылды?” деген бир сааттык видео тасма жарыяланган.
Анда 19-кылымда жашаган казак ханы Кенесары тууралуу да кеп болгон. Казакстандык журналисттер бул боюнча эки элдин ортосундагы талаш-тартыш токтобой келе жатканын белгилеп, “Ормон хан мынчалык катаалдык кылбай, коңшулугун көрсөтсө болот беле?” деген суроо коюшкан.

Кайрат Примбердиевдин: “Ормон хан Кенесары ханды өлтүрүүгө мажбур болгон. Мен өз атымдан бул окуя үчүн казак элинен кечирим сурагым келет”, - деп айтканы коомчулукта талкуу жараткан.

Примбердиев Кыргызстанда чыгармачылыгынан тышкары коомдук иштерге активдүү катышып, мамлекетте болуп жаткан иштерге пикирин ачык билдирип турганы менен да белгилүү.

Кенесары (Кененсары) Касым уулу 19-кылымдагы казак хандарынын бир катары тарыхта калган. Казакстанда аны улуттук боштондук кыймылынын лидери катары көрсөтүшөт. Кыргыз тарыхчылары ал 1845-жылдан тартып кыргыздарга кол салып, карапайым кишилерге зомбулук көрсөткөнүн жазып келишет. 1847-жылы Ормон хан Ниязбек уулу башында турган кыргыздар Кенесары хандын аскерин жеңип, өзүн туткунга алган. Бир нече убакыттан кийин ал өлтүрүлгөнү тууралуу тарыхый маалыматтар айтылып келет.

Анын сөөгүнүн калдыгы кайсы жакта экени тууралуу так маалымат жок. Айрым маалыматтар боюнча, Санкт-Петербургдагы Эрмитажда же Кунсткамерада сакталып турушу мүмкүн. (КЕ)


Шерине

XS
SM
MD
LG