Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Израил Газада жаңы операция баштаганын жарыялады


Израил аскерлери Израил-Газа чек арасына жакын жерде. 19-март, 2025-жыл
Израил аскерлери Израил-Газа чек арасына жакын жерде. 19-март, 2025-жыл

Израилдин Коргоо күчтөрү (ЦАХАЛ) Газа тилкесинде жаңы операция башталганын жарыялады. Аскер күчтөрү жердеги бул операциянын максаты коопсуздук аймагын кеңейтүү жана Газа тилкесинин түндүк жана түштүк бөлүктөрүнүн ортосунда жарым-жартылай буфердик аймак түзүү деп атады.

Натыйжада ЦАХАЛ Газаны экиге бөлгөн Нецарим коридоруна көзөмөлдү кеңейткени айтылууда.

АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС уюму израилдик аскерлердин аракеттерин ок атышууну токтотуу келишимин “жаңыдан жана коркунучтуу бузуу” деп атады. Уюм өзүнүн билдирүүсүндө келишимди аткарып жатканын белгилеп, ортомчу өлкөлөрдү “милдеттерин аткарууга” чакырды.

Январдан берки ок атышпоо келишимине карабастан, Израил шейшембиде Газага чабуулун кайра баштап, барымтадагылардын баарын тез арада бошотууну талап кылды. ХАМАС Израил аскерлерин толугу менен чыгарып кетип, согуштук аракеттер токтогондо гана макул болорун айтууда.

Газадагы ХАМАС көзөмөмөлдөгөн Саламаттык сактоо министрлиги шейшемби күнү абадан урулган соңку соккудан кийин каза болгондордун саны 400дөн ашканын белгиледи. Коз карандысыз уюмдардан бул маалыматты тактоо мүмкүн эмес.

18-мартта Израилдин армиясы палестиналык анклавды аткылоону жандандырган.

Израилдин премьер-министр Биньямин Нетаньяху согушкерлер калган кишилерди барымтадан кое берүү, ок атпоо макулдашуусунун биринчи баскычын узартуу талабын четке каккандан кийин ХАМАСка каршы “олуттуу чара” көрүү буйругун бергенин айткан.

Радикал уюмдун жогорку өкүлү "Рейтер" агенттигине билдиргендей, Израил 19-январда бир тараптуу күчүнө кирген "ок атууну токтотуу макулдашуусун бузду". Кийинчерээк ХАМАСтын өкүлү Израил "согушту жандандыруу менен барымтадагы жарандарын курмандыкка чалууну чечти" деп айтты.

Согушкерлер арачыларды жана БУУну кийлигишүүгө чакырып, урушту улантканын маалымдай элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG