Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:30

БУУ: Италиянын жээгинде алты мигрант чөгүп кетти, 40 киши дайынсыз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Италиянын Лампедуза аралынын жээгинде алты мигрант чөгүп кетип, 40 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар агенттигинин (UNHCR) өкүлү 19-мартта билдирди.

Италиянын Жээк күзөт кызматы 18-мартта кырсыкка кабылган желим кайык тууралуу кабар түшкөндөн кийин куткаруу операциясын баштаган. Куткаруучулар 10 адамды аман сактап калууга үлгүрүшкөн жана алты адамдын сөөгүн табышкан.

Издөө-куткаруу иштери уланууда.

БУУнун Качкындар агенттигинин өкүлү билдиргендей, жалпысынан 56 мигрант Тунистин Сфакс шаарынан сапарга чыккан. Алардын арасында Камерун, Кот-д'Ивуар, Гвинея жана Малиден чыккан мигранттар болгон.

Аман калгандарга Лампедузада Качкындар агенттигинен тышкары International Rescue Committee (IRC) жардам көрсөтүүдө.

Лампедуза аралы Түндүк Африкадан Евробиримдикке өтүүгө аракет кылган мигранттар үчүн негизги жол болуп саналат.

Бул жол дүйнөдөгү эң кооптуу жолдордун бири деп эсептелет.

Италиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөгө деңиз аркылуу 66 600дөн ашуун мигрант келген, бул 2023-жылдагы көрсөткүчтөн эки эсе аз. Ал эми 2024-жылдын башынан бери Италиянын жээктерине 9 000ге жакынмигрант жеткен.

Шерине

XS
SM
MD
LG