Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:46

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялады


Жогорку Кеңеш. 19-март, 2025-жыл.
Жогорку Кеңеш. 19-март, 2025-жыл.

Жогорку Кеңештин 19-марттагы жыйынында депутаттар кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда бир карады. Добуш берүүгө катышкан 85 депутаттан бир депутат - Султанбай Айжигитов каршы болуп, калганы баары макул деп добуш берди.

Мунун алдында ушул эле күнү Жогорку Кеңештеги комитеттердин биргелешкен жыйыны өтүп, анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасап, суроо-жооп болгон. Мындан улам төрага Нурланбек Тургунбек уулу жалпы жыйында баяндамасыз жана талкуусуз эле дароо добуш берүүгө өтүүнү сунуштап, колдоо тапты.

Добуш берүүдөн кийин төрага Тургунбек уулу бул чечим "тарыхый мүнөздө" экенин белгиледи.

"Бул кылымдардан бери келаткан эки элдин достугун мындан да чыңдайт, ортодогу пикир келишпестиктеди, кагылышууларды токтотуп, чекит коёт деген үмүттөбүз. Эки элдин тилеги ушундай", - деди Тургунбек уулу.

Аягында Ташиев да сөз алып, бул окуяны чоң жеңиш катары баалап, мыйзам долбоорлорун колдоп берген депутаттарга ыраазычылык билдирди.

"Бул чечимге келүү өтө кыйын болду. Конфликттер, уруш-талаштар болду, өтө чоң кайгыларды башыбыздан өткөрдүк. Ошолордун баарын жеңип өтүп, кайрадан өзүңдүн душманың менен бир столдо отуруп, ошол маселелерди чечип, болгондо да тынчтык жол менен чечишүүгө жетишүү өтө оор болду. Биз ушуга сиздер менен кошо жетиштик", - деди Ташиев.

Сөз кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу үч мыйзам долбоору жөнүндө болуп жатат:

  • Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо;
  • Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы автомобил жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобил жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо;
  • Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетика объектилерине жеткиликтүү камсыз кылуу боюнча макулдашуунун ратификациялоо.

Баядама жасап жатып Ташиев Тажикстандын парламенти да 18-мартта кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууну ратификациялаганын билдирди. Бир катар жергиликтүү басылмалар документти Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасы колдогонун жазышты.

13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койду. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашты.

27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитети биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоорун колдогон.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG