Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:48

Ташиев кыргыз-тажик чек арасын тактоодо алмашылган 190 гектар боюнча түшүндүрмө берди


Лейлек районундагы Кайрагач участогу. Камчыбек Ташиевдин баяндамасынан алынган сүрөт.
Лейлек районундагы Кайрагач участогу. Камчыбек Ташиевдин баяндамасынан алынган сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасын тактоодо Лейлек району боюнча алмашылган жерлер тууралуу 19-мартта Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында маалымат берди.

Ал Лейлек району боюнча 190 гектар жер Тажикстандан алынганын, буга байланыштуу коңшу өлкөнүн Кайрагач өткөрмө пункту 1,6 чакырымга жыла турганын түшүндүрдү. Ташиевдин айтымында, сөз 35 гектарлык Кайрагач анклавы жана анын ылдый жагындагы 155 гектарлык участок жөнүндө болуп жатат.

“Ал жерлердин ордуна Кыргыз Республикасынын Саада айылын бердик. Селкан каналынын ылдый жагы Тажикстан, жогору жагы Кыргызстан. Ушул Саада айылында 17 кожолугубуз, үйүбүз бар эле. Конфликт болгон сайын тажикстандыктар келип, ошол үйлөрдү күйгүзөт эле. Ошол жердегилер жабыр тартат эле, Кулундуга качып чыгышчу. Кайрадан калыбына келтирип, барып жашамыш болот эле. Бирок адамдар толук жашашчу эмес. Ушул жер бизге керек эместигин байкадык. Чек ара Селкан каналы менен болсун деп, 21 гектар участокту аларга бердик. Экинчиси, Раззаков участогу да каналдын ылдыйында жайгашкан. Бул жерде да бир нече үй бар. Бул жерден да 23,50 гектар жерди бердик. Селкенди да бердик, ал 4 гектар. Бул дагы каналдын ылдый жагында турат. Раззаковго го анча-мынча кирип-чыгып жатканбыз, Селкенге акыркы убакта такыр кире албай калган элек. Селкенди алар пайдаланып калган эле. Бул жер биздики дешти. Биз “жок, биздики” дедик. Ошентип талашып-тартышып, Селкенди алдык дагы “зачет” кылдык. Үлүш участогунун 7 гектарын бердик. Андан кийин Улак жайды 15 гектарды, Ак-Арык участогу 7 гектарды, Баткенге жакын жердеги Кара-Бак участогунан 65 гектарды бердик. Майты участогунан 35 гектар бердик. Ошондо жалпы 190 гектар бердик”, - деди Ташиев.

Ал ошондой эле Тажикстандын аймагындагы Пролетарск шаарында мурда “Кыргызсельхозхимиянын” 12,5 гектар жери болгонун, 1991-жылы приватташтыруу маалында ал жерди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Баяман Эркинбаев сатып алып, кийин башкага сатканын билдирди. Ошол участокту Кыргызстандын жери катары эсептеп, 190 гектардын катарында тажик тарапка өткөрүлүп берилгенин тактады.

13-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон.

27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитети биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоорун колдогон.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG