Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Газа: Израилдин соккусунан 400дөн көп киши каза тапканы кабарланды


Газа шаары Израилдин соккусунан кийин. 18-март 2025-жыл
Газа шаары Израилдин соккусунан кийин. 18-март 2025-жыл

Газада ок атууну токтотууга арачы болгон өлкөлөрдүн бири - Египет Израил менен ХАМАСты (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) карманууга жана тынчтык орнотуу келишиминин үстүнөн иштөөгө чакырды.

Мунун алдында, 18-мартта Израилдин армиясы палестиналык анклавды аткылоону жандандырган.

"Рейтер" жазганына караганда, шейшембиде эртең менен башталган аба соккулары 2 айлык убактылуу жарашуунун кыйрашына алып келиши мүмкүн.

ХАМАС башкарган тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси 400дөн ашуун киши өлгөнүн билдирди.

Израилдин премьер-министр Биньямин Нетаньяху согушкерлер калган кишилерди барымтадан кое берүү, ок атпоо макулдашуусунун биринчи баскычын узартуу талабын четке каккандан кийин аскерлерге ХАМАСка каршы “олуттуу чара” көрүү буйругун бергенин айтты.

Радикал уюмдун жогорку өкүлү "Рейтер" агенттигине билдиргендей, Израил бир тараптуу түрдө 19-январда күчүнө кирген "ок атууну токтотуу макулдашуусун бузду". Кийинчирек ХАМАСтын өкүлү Израил "согушту жандандыруу менен барымтадагы жарандарын курмандыкка чалууну чечти" деп айтты.

Согушкерлер арачыларды жана БУУну кийлигишүүгө чакырып, урушту улантканын маалымдай элек.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Израил соккулар тууралуу Вашингтонду алдын ала кабардар кылганын билдирди.

28-февралда ХАМАС АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрүнөн турган арачылар келишимдин мындан аркы баскычтары ишке кирет деген кепилдик бермейинче биринчи этапты узартууга көнбөй турганын билдирген.

Ал эми Израил алгачкы баскычты узартууну жактап, согушту биротоло токтотууга жол ачкан экинчи баскыч боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону четке кагууда

Израил бийлиги тараптар ортосунда 19-январда иштей баштаган макулдашууга таянып, мындан аркы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, 1-марттан кийин согуштук аракеттерди жандандырууга укуктуу экенин эскерткен.

Ал келишим Газада 15 айга уланган согушту убактылуу токтоткон. 42 күнгө созулган биринчи баскычта 33 киши согушкерлердин барымтасынан кое берилип, эки миңдей палестин Израилдин абактарынан чыгарылган.

Келишим күчүнө кирген 16 күндөн кийин экинчи этап боюнча сүйлөшүү башталмак. Анда барымтадагылардын бардыгы бошотулуп, Израилдин аскерлерин анклавдан чыгаруу каралган.

Маалымат каражаттары ХАМАСтын колунда болжол менен 24 киши жана каза болгон 39 израилдиктин сөөгү бар деп жазышууда.

ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылы 7-октябрда Израилге кол салганда 1200дей кишини өлтүрүп, 250дөй адамды туткунга алган. Израил жооп иретинде Газа тилкесинде аскердик операциясын баштаган. 15 айдан ашуун убакыт ичинде "хамасчылар" башкарган тилкенин саламаттык сактоо мекемеси 45 миңден ашуун адам каза болгонун кабарлаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG