Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна каржылык колдоо көрсөтүү ыктымалдыгын талкуулашты. Мунун алдында АКШнын өкмөтү медиа уюмдун Конгресс бекиткен акчасын берүүнү токтотуу чечимин кабыл алган.
Маселени Чехиянын башкы дипломаты Ян Липавский Брюсселдеги жыйында козгоду.
Дипломатиялык булактар “Азаттыктын” кабарчысына айтып бергендей, Польша жана Балтиканын үч өлкөсү – Литва, Латвия жана Эстония демилгени колдоду. Биздин булак маселе жыйындын аягында көтөрүлгөндүктөн, “башкалар аны колдогон жок деген жыйынтык чыгаруу туура эмес болорун” тактай кетти.
“Мен өспүрүм кезимде атам эски радиодон “Азаттыкты”, “Америка абазын”, “Эркин Европа” радиосун укчу. Ошолор аркылуу биздин өз өлкөбүз тууралуу маалымат алчубуз, эмне дегенде коммунисттик пропаганда катуу көзөмөлдөнчү. Бүгүн да ал уюмдар автократиялык өлкөлөрдө ошондой ишин улантууда... Биз эмне кыла алабыз, байкап көрөлү. Липавский ал эки радиону сатып алуу тууралуу сөз кылды. Биз ойлонуп жатабыз, бул уюмдар миссиясын улантууга тийиш экени анык”, - деп айтты Польшанын тышкы иштер министри Радек Сикорски.
Биримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас “Азаттык” радиосу демократиянын "багыт берүүчү жарыгы" болуп келгенин белгиледи:
“АКШ радиону каржылоону токтоткону абдан өкүнүчтүү. Биз АКШ калтырган боштукту толтуруу үчүн ал уюмду каржылай алабызбы деген маселе пайда болууда. Бул суроого шыр эле жооп бере албайбыз. Себеби, ушундай эле маселе менен бизге көп уюмдар кайрылууда. Министрлер маселени талкуулоо жана жолун табуу демилгесин көтөрүштү. Биз кандай чара көрө аларыбызды караштырабыз”.
Бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде Журналисттерди коргоо комитети (CPJ), Улуттук пресс-клуб, «Чек арасыз кабарчылар» «Азаттык» жана «Америка добушу» радиолорунун коргогон билдирүүлөрдү жасады.
АКШнын президети Дональд Трамп жети федералдык агенттиктеги кыскартууга багытталган жарлыкка 14-мартта кол койгон. Анын ичинде "Америка добушу, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жана башка федералдык медиа уюмдардын ишин тескеген АКШнын дүйнөлүк медиа боюнча агенттиги (USAGM) да бар.
Документте айтылгандай, ар бир агенттиктин башчысы жети күндүн ичинде президенттик администрациянын бюджет башкармалыгына Трамптын буйругу аткарылганын тастыктаган отчет тапшырышы керек. Ошондой эле агенттиктин кайсы бөлүмү "мыйзам боюнча эмнеге жана жана кайсы деңгээлде милдеттүү" экенин түшүндүрүп бериши зарыл.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Стив Капус: "Азаттык радиосунун" (RFE/RL) гранттык келишиминин жокко чыгарылышы Американын душмандарына чоң белек болот", – деп айтты.
"Ирандын аятоллалары, Кытайдын коммунисттик лидерлери, ошондой эле Москва менен Минскидеги автократтар “Эркин Европа/Азаттыктын” 75 жылдык ишмердүүлүгүнөн кийин жабылышын майрамдашат. Каршылаштарыбыздын жеңишине жол берүү – аларды күчтөндүрүп, Американы алсыратуу дегенди билдирет. Иран, Кытай, Москва, Минскидеги автократ лидерлер 75 жылдыгын белгилөө алдында турган "Эркин Европа/Азаттык"радиосунун жабылышын чын дилинен майрамдашмак. Американын душмандарынын жеңиши аларды күчтөндүрүп, Кошмо Штаттарды алсыздандырат", - деп билдирген.
USAGM – жумасына 360 миллиондон ашык адамга 50гө жакын тилде кабар тараткан жаңылык уюмдарын көзөмөлдөгөн АКШнын көз карандысыз өкмөттүк агенттиги.
Агенттик бардык ишмердигин жана капиталдык инвестициясын каржылоо үчүн 2025-жылы АКШнын Конгресси бекиткен бюджеттен 950 миллион доллар бөлүп берүүнү өтүнгөн. Анын курамына "Эркин Европа / Азаттык" радиосу, "Америка добушу", "Эркин Азия" радиосу, Кубанын берүүлөр кеңсеси (Radio Marti), Жакынкы Чыгыштагы берүүлөр тармактары (MBN) жана Ачык технологиялар фонду кирет.
Биринчи президенттик кызматы учурунда Трамп менен агенттиктин ортосунда редакциялык көз карандысыздык жана программалардын багыты боюнча пикир келишпестиктер жаралган. Трамп экинчи мөөнөткө кайра киришкенден кийин буга чейинки тынчсызданууларын кайра көтөргөн. Ал экинчи президенттик мөөнөтүндө өкмөттүн чыгымдарын кыскартуу үчүн бир нече кадам жасады
Медиа каражаттарын колдогондор аталган агенттикке караштуу уюмдар Америка дипломатиясынын маанилүү куралы экенин айтышат.
Бул буйрук USAGM агенттигинен тышкары Федералдык медиация жана элдештирүү кызматына, Смитсон институтунун Вудро Вильсон атындагы эл аралык илимий борборуна, Музей жана китепкана кызматтары институтуна, АКШнын үй-жайы жоктордун маселеси менен алектенген агенттиктер аралык кеңешине, Коомчулукту өнүктүрүү боюнча каржы институттары фондусуна жана Азчылыктардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү агенттигине да багытталган.
Шерине