Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:27

Көртис: “Азаттык” радиосуна каржы берүүнү токтотуу АКШ Конституциясына каршы келет


“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Директорлор кеңешинин төрайымы Лиза Көртис 17-мартта адвокаттар командасы уюмдун АКШнын Конгресси жактырган каражатты алуусун камсыздоо, Конгресс жүктөгөн миссиясын улантуу үчүн зарыл чараны көрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Linkedin социалдык тармагына жазды.

Көртис АКШнын дүйнөлүк медиа боюнча агенттигине жаңы администрация дайындаган атайын кеңешчи Кэри Лейктен радионун Конгресс бекиткен каражатты токтотуу тууралуу катын алганын айтты. Көртис бекитилген акчаны берүүдөн баш тартуу эмне себептен мыйзамсыз экенин негиздеген:

1. “Эркин Европа/Азаттык” радиосун тескеген уставды бузат.

2. Конгресстин каржылоо мыйзамдарын бузат.

3. АКШнын Конституциясын бузат. Каражат бөлүү жана көзөмөлдөө тууралуу мыйзамды көз жаздымда калтырууга болбойт.

4. Грантты токтотуунун өзү мыйзамга каршы келет.

АКШнын президенти Дональд Трамп жети федералдык агенттикте кыскартуу жүргүзүүгө багытталган жарлыкка 14-мартта кол койгон. Анын ичинде "Америка добушу, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жана башка федералдык медиа уюмдардын ишин тескеген АКШнын дүйнөлүк медиа боюнча агенттиги да бар.

Документте айтылгандай, ар бир агенттиктин башчысы жети күндүн ичинде президенттик администрациянын бюджет башкармалыгына Трамптын буйругу аткарылганын тастыктаган отчет тапшырышы керек. Ошондой эле агенттиктин кайсы бөлүмү "мыйзам боюнча эмнеге жана жана кайсы деңгээлде милдеттүү" экенин түшүндүрүп бериши зарыл.

Жарлык чыккандан бир нече сааттан кийин ABC News каналынын мурдагы журналисти Тара Пальмери агенттикке таандык экени айтылган катты социалдык тармакка жарыялады. Анда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Конгресс тарабынан бекитилген каржылоосу токтотулгандыгы айтылган.

Бул билдирүүдөн кийин "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Стив Капус: "Азаттык радиосунун" (RFE/RL) гранттык келишиминин жокко чыгарылышы Американын душмандарына чоң белек болот", – деп айтты.

"Ирандын аятоллалары, Кытайдын коммунисттик лидерлери, ошондой эле Москва менен Минскидеги автократтар “Эркин Европа/Азаттыктын” 75 жылдык ишмердүүлүгүнөн кийин жабылышын майрамдашат. Каршылаштарыбыздын жеңишине жол берүү – аларды күчтөндүрүп, Американы алсыратуу дегенди билдирет. Иран, Кытай, Москва, Минскидеги автократ лидерлер 75 жылдыгын белгилөө алдында турган "Эркин Европа/Азаттык"радиосунун жабылышын чын дилинен майрамдашмак. Американын душмандарынын жеңиши аларды күчтөндүрүп, Кошмо Штаттарды алсыздандырат", - деп билдирген ал.

USAGM – жумасына 360 миллиондон ашык адамга 50гө жакын тилде кабар тараткан жаңылык уюмдарын көзөмөлдөгөн АКШнын көз карандысыз өкмөттүк агенттиги.

Агенттик бардык ишмердигин жана капиталдык инвестициясын каржылоо үчүн 2025-жылы АКШнын Конгресси бекиткен бюджеттен 950 миллион доллар бөлүп берүүнү өтүнгөн. Анын курамына "Эркин Европа / Азаттык" радиосу, "Америка добушу", "Эркин Азия" радиосу, Кубанын берүүлөр кеңсеси (Radio Marti), Жакынкы Чыгыштагы берүүлөр тармактары (MBN) жана Ачык технологиялар фонду кирет.

Биринчи президенттик кызматы учурунда Трамп менен агенттиктин ортосунда редакциялык көз карандысыздык жана программалардын багыты боюнча пикир келишпестиктер жаралган. Трамп экинчи мөөнөткө кайра киришкенден кийин буга чейинки тынчсызданууларын кайра көтөргөн. Ал экинчи президенттик мөөнөтүндө өкмөттүн чыгымдарын кыскартуу үчүн бир нече кадам жасады

Медиа каражаттарын колдогондор аталган агенттикке караштуу уюмдар Америка дипломатиясынын маанилүү куралы экенин айтышат.

Бул буйрук USAGM агенттигинен тышкары Федералдык медиация жана элдештирүү кызматына, Смитсон институтунун Вудро Вильсон атындагы эл аралык илимий борборуна, Музей жана китепкана кызматтары институтуна, АКШнын үй-жайы жоктордун маселеси менен алектенген агенттиктер аралык кеңешине, Коомчулукту өнүктүрүү боюнча каржы институттары фондусуна жана Азчылыктардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү агенттигине да багытталган.



Шерине

XS
SM
MD
LG