Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:24

Кыргыз авиакомпанияларын ЕБдин "кара тизмесинен" чыгаруу маселеси талкууланды


Кыргызстандын учактарын Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча Бишкекте сүйлөшүүлөр жүрдү. 10-13-март күндөрү Европалык авиация коопсуздук агенттигинин жана ЕБдин Транспорт жана мобилдүүлүк боюнча башкы башкармалыгынын эксперттери Кыргызстанда болушту. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин басма сөз кызматы 17-мартта “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка караганда, Евробиримдиктин эксперттери 2006-жылдан бери Кыргызстанга биринчи ирет келишти. Өкүлдөр Кыргызстандын Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгуу үчүн жасап жаткан иштери менен толук таанышкан.

Европалык делегация өкүлдөрү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен жолугуп, авиация тармагы боюнча кызматташууну талкуулашты. Жарандык авиация агенттиги эксперттерге авиациянын бир нече тармагы боюнча жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

“Авиациялык персоналды тастыктамалоо (PEL), учуу эксплуатациясы (OPS), учуу коопсуздугун башкаруу системасы (SMS), учуу жарактуулугу (AIR), сапатты башкаруу системасы (СМС), мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар (LEG), уюштуруу түзүмү (ORG) боюнча маалымат берилди”, - деп жазылган билдирүүдө.

Евробиримдиктин эксперттери Кыргызстандын авиация тармагындагы олуттуу жылыштарды белгилешкен.

Эми алар Кыргызстандагы сапарынын негизинде өзүнүн башкармалыгына доклад, отчёт берет. Ошонун негизинде финалдык аудит болуп-болбошу чечилет.

Президент Садыр Жапаров былтыр ноябрда Берлиндеги “Airbus Europe” компаниясынын жетекчилиги менен жолугушууда 2025-жылы Кыргызстандын авиакомпаниялары Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгарылышы күтүлүп жатканын билдирген.

Кыргызстандык авиакомпаниялар "Эл аралык нормаларга дал келбейт" деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин "кара тизмесине" кирген. Андан чыгуу аракети жөнүндө көп сөз болгону менен, маселе оң жагына чечиле элек.

Мурдараак Кыргызстандын авиа компанияларын “кара тизмеден” чыгаруу боюнча Жарандык авиация агенттигинин жетекчилиги биримдиктин департаменти менен жолугушууларды өткөрүп жатканы кабарланган. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG