Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:54

Уиткофф: Путин менен Трамптын сүйлөшүүсү ушул аптада болушу мүмкүн


Стивен Уиткофф.
Стивен Уиткофф.

АКШ менен Орусиянын президенттери Украинадагы согушту токтотууну жана болжолдуу тынчтык келишимин ушул аптада телефон аркылуу талкуулашы мүмкүн. Бул тууралуу жекшембиде Дональд Трамптын Москвага барган жана буга чейин украиналык делегация менен Сауд Арабиясында сүйлөшүүлөрдү өткөргөн атайын чабарманы Стивен Уиткофф CNN каналынын эфиринде билдирди.

Уиткоффтун айтымында, ал Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен “жемиштүү” сүйлөшүүлөрдү өткөргөн жана алдыда эки лидердин сүйлөшүүсү да “оң маанайда” болоруна үмүт артат.

Атайын чабармандын пикиринде, Вашингтон менен Москванын позициялары “жакындашып жатат”.

Уиткофф Орусия президенти менен бир нече саат сүйлөшкөн жана ал Путин Украинадагы ок атышууну токтотуу зарылдыгы боюнча Трамптын “философиясын кабыл алат” деген таасирде калган.

Анын сөзүнө караганда, жакынкы апталарда бул боюнча кандайдыр бир макулдашуулар болушу мүмкүн.

Өткөн жумада Жиддадагы америка-украин жолугушуусунда Киев Орусия менен 30 күндүк (мөөнөттү узартуу мүмкүнчүлүгү менен кошо) жалпы куралдуу жаңжалды токтотуу тууралуу АКШнын сунушун колдогон.

Путин бул демилгени биротоло четке каккан жок, бирок шартка байланыштуу Москванын "бир катар жагдайлар" бар экенин белгилеген. Учурда тараптар ок атышууну токтотуу боюнча эч кандай келишимге жетише элек жана Украинада согуш уланып жатат. Киевде орус бийлигин тынчтык келишимине жана жаңжалды тынч жол менен жөнгө салууга баргысы келбейт деп айыпташууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG