Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Зеленский Орусиянын Курск облусундагы аскердик операция аягына чыкканын билдирди


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский украин армиясынын Орусиянын Курск облусундагы операциясы аягына чыкканын билдирди. Бул тууралуу ал аталган облустун украин аскерлери ээлеп алган Суджа шаарын Орусиянын армиясы бошоткондон бир күндөн кийин маалымдады.

Украин Куралдуу күчтөрү Орусиянын чек арадагы Курск облусуна чабуулун 2024-жылдын августунда баштаган. Согушка чейин 5 миңдей калкы бар Суджа Орусиянын Украина ээлеп алган аймагындагы эң ири шаар болду.

Курск операциясы башталган алгачкы күндөрү Зеленский Орусиянын жерлерин ээлеп алуу орус президенти Владимир Путиндин башкаруу доору бүткөнүнүн символикалык белгиси болуп каларын айткан.

"Биз Орусия Путиндин тушунда кандай жол менен баратканын көрүп турабыз: 24 жыл мурда "Курск" кемесинин кыйрашы анын башкаруусунун символикалык башталышы болсо, азыр эми эмне менен бүтүп жатканы көрүнүп турат. Бул дагы Курск", - деген украин президенти.

Кийин Зеленский Курск облусундагы ээленген аймактар Орусия ээлеп алган украин аймактарына айырбаштоо үчүн колдонуларын айткан.

Ал эми 14-мартта украин президенти армиясынын Курскидеги милдети Орусияны өз аскерлерин Покровск, Харьков жана Сумы багытынан чыгарып кетүүгө мажбурлоо болгонун, бул максат ишке ашканын журналисттерге билдирди.

"Мен операция ийгиликтүү ишке ашты деп эсептейм", - деди Зеленский.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын лидери Дональд Трамп Курск облусунда көп украин аскерлери курчоодо калганын айтып жатышат.

Украина мындай маалыматты четке кагууда. Согушту иликтеген журналисттер да украин аскерлери Орусиянын аймагында курчоодо турганы тууралуу билдирүүлөрдү ырасташкан жок.

Украиналык Deepstate долбоорунун маалыматына караганда, Украина Орусиянын бир нече кыштагына көзөмөл кылууну улантууда. Москва да украин аскерлери ээлеп алган ошол кыштактар бошотулганы тууралуу маалымдай элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG