АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу 2023-жылдын 7-октябрында барымтага алынган америкалык жаранды бошотууга жана 4 америкалыктын сөөгүн кайтарып берүүгө макул болгонун билдирди. Бирок согушкерлер бул үчүн ок атууну токтотуунун экинчи баскычы боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандыруу шартын койду. "Рейтер" жазганына караганда, Израил бул талапты “психологиялык согуш” катары четке какты.
ХАМАС Нью-Жерсиде туулган, израилдик армиянын 21 жаштагы жоокери Эдан Александрды кое берерин билдирген. Сөөктөрү берилет деген адамдардын аттары аталган жок.
28-февралда ХАМАС АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрүнөн турган арачылар келишимдин мындан аркы баскычтары ишке кирет деген кепилдик бермейинче биринчи этапты узартууга көнбөй турганын билдирген.
Ал эми Израил алгачкы баскычты узартууну жактап, согушту биротоло токтотууга жол ачкан экинчи баскыч боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону четке кагууда
Израил бийлиги тараптар ортосунда 19-январда иштей баштаган макулдашууга таянып, мындан аркы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, 1-марттан кийин согуштук аракеттерди жандандырууга укуктуу экенин эскерткен.
Ал келишим Газада 15 айга уланган согушту убактылуу токтоткон. 42 күнгө созулган биринчи баскычта 33 киши согушкерлердин барымтасынан кое берилип, эки миңдей палестин Израилдин абактарынан чыгарылган.
Келишим күчүнө кирген 16 күндөн кийин экинчи этап боюнча сүйлөшүү башталмак. Анда барымтадагылардын бардыгы бошотулуп, Израилдин аскерлерин анклавдан чыгаруу каралган.
Маалымат каражаттары ХАМАСтын колунда болжол менен 24 киши жана каза болгон 39 израилдиктин сөөгү бар деп жазышууда.
ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылы 7-октябрда Израилге кол салганда 1200дей кишини өлтүрүп, 250дөй адамды туткунга алган. Израил жооп иретинде Газа тилкесинде аскердик операциясын баштаган. 15 айдан ашуун убакыт ичинде "хамасчылар" башкарган тилкенин саламаттык сактоо мекемеси 45 миңден ашуун адам каза болгонун кабарлаган.
Шерине