Европанын Адам укуктары боюнча соту украин бийлиги 2014-жылы Одессада болгон өрт учурунда массалык башаламандыкты алдын алуу жана адамдарды куткаруу үчүн зарыл чара көргөн эмес деген чечим чыгарды. Соттун чечими 13-мартта сайтында жарык көрдү.
Анда украин бийлиги трагедияны жакшылап териштирген эмес деген тыянак чыгарылды.
Крымдын аннексиясы, Донецк жана Луганск облустарындагы согуш фонунда 2014-жылдын 2-майында Одессада бирдиктүү Украинаны жактагандар менен орусиячыл жикчилдер ортосунда жаңжал тутанган.
Натыйжада майданга каршы чыккандар жашырынган Профсоюздар үйүнө өрт коюлган. 42 киши өрттөн каза тапкан, алтоо атып өлтүрүлгөн. 11 жылдан кийин да тергөө аяктай элек, шектүүлөрдүн көбү жоопко тартылган жок.
Сот тополоң маалында Одессанын полициясы оперативдүү маалымат түшкөнүнө карабай чара көргөн эмес деген бутүм чыгарды.
Андан тышкары өрт өчүрүүчү машиналар атайылап 40 мүнөткө кеч жөнөтүлгөн, тартип коргоочулар элди эвакуациялоого аракет кылган эмес деген фактылар далилденгени айтылат.
Сот украин бийлигин курман болгондордун жакындарына 15 миң евродон төлөп берүүгө милдеттендирди. Катуу күйүк алып, аман калган үч кишиге 12 миң евродон төлөнмөкчү.
Трагедиядан кийин Орусия аны көбүртүп-жабыртып, пропагандасы үчүн колдонуп келатат.
Шерине