Орусиянын президенти Владимир Путин бейшембинин кечинде АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф менен жолукканын Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Анын айтымында, орус тарапка кошумча маалымат берилди, өз кезегинде Путин чабарман аркылуу АКШ президенти Дональд Трампка маалымат жана кошумча ишараттарды жөнөттү. Анын бул сөздөрүн РБК агенттиги келтирди.
Буга чейин орус президенти Вашингтондун өкүлүн кабыл алганы же албаганы белгисиз болчу.
Орусиялык маалымат каражаттары Уиткофф Москвадан жумага караган түнү учуп кеткенин жазышты. Ал АКШнын Украинада ок атууну убактылуу токтотуу сунушу менен тааныштырмак. Мунун алдында Киев 30 күндүк убактылуу жарашууга көнгөн.
13-мартта Путин түз эфирде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Украинадагы согушту, анын ичинде ок атышууну бир айга токтотууга даяр экенин билдирип, бир катар шарттарды койгон. Ал АКШнын жана Киевдин демилгесине бир топ суроолору бар экенин белгилеген.
Путин муну америкалык өнөктөштөрү менен талкууларын, "Трамп менен телефондон сүйлөшө турганын" кошумчалаган.
12-мартта Киев Украинадагы согушту токтотуу боюнча АКШнын планын колдогондон кийин Трамп эгер Москва Киев менен келишимге барбаса Вашингтон "Орусия үчүн кыйраткыч" аракеттерге барууга мажбур болорун эскерткен.
Шерине