Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Кытай, Орусия жана Иран АКШны Тегеранга каршы санкцияларды алууга үндөдү


Кытайдын, Орусиянын жана Ирандын жогорку өкүлдөрү. Бээжин, 14-март 2025-жыл.
Кытайдын, Орусиянын жана Ирандын жогорку өкүлдөрү. Бээжин, 14-март 2025-жыл.

Кытайдын, Орусиянын жана Ирандын өкүлдөрү АКШны Тегеранга каршы "мыйзамсыз жана бир тараптуу" санкцияларды алууга үндөдү. Үч тараптын делегациялары 14-мартта Бээжинде Ирандын атомдук программасына байланышкан маселени талкуулады.

Жолугушууга Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ма Чжаосюй, орус тышкы саясий мекемесинин жетекчи орун басары Сергей Рябков жана Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гарибабади катышты.

Бир нече күн мурун АКШнын президенти Дональд Трамп Ислам жумуриятынын бийлигине жолдогон катта ядролук программа боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырууну сунуш кылган, терс жооп алса аскердик аракеттер көрүлүшү мүмкүн деп эскерткен.

Кытайдын жогорку дипломаты тараптарды азыркы кырдаалга алып келген себептерден арылууга жана “санкциялардан, коркутуулардан, күч колдонуу опузалоосунан баш тартууга” чакырды.


АКШ–Иран мамилелери чыңалганы Тегеран менен Москва өз ара алакаларын күч алдырды. Алар Кытай менен да жакшы байланыштарды сактап келатат. Үстүбүздөгү аптада үч өлкө стратегиялык Ормуз кысыгындагы Оман булуңунда деңиз аскерлеринин машыгуусун жүргүздү.

13-мартта Ирандын Тышкы иштер министрлиги Трампка жооп берүүдөн мурда анын катына «жакшылап баа беришерин» билдирди.

10-мартта Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран АКШ менен ядролук программа боюнча сүйлөшүүлөргө Вашингтондун “кысымы жана коркутуулары” астында барбайт деп билдирген.

Трамп биринчи президенттик мөөнөтү маалында 2015-жылкы келишимден чыгып кеткен. Иран жана алты держава (Кытай, Орусия, Улуу Британия, Франция, АКШ жана Германия) түзгөн келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектеп, ага жооп катары АКШ Ислам жумуриятына салынган экономикалык санкциялардын көбүн алып салат деп макулдашылган. Вашингтон келишимден чыгып кеткенден кийин санкциялардын көбү калыбына келтирилген. Трамп макулдашуунун шарттары Тегерандын атомдук куралга ээ болуусун жетиштүү түрдө алдын албайт деп билдирген.

Иран атомдук программасы тынчтык максаттарын көздөрүн айтып келатат.


Шерине

XS
SM
MD
LG