Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:02

Шыкмаматов курулуш компанияларын, архитектор жана дизайнерлерди салык төлөөдөн качпоого чакырды


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн чийимин чийип, жасалгасын жасап берген архитекторлорго жана дизайнерлерге кайрылуу жасады. Шыкмаматов аларды жана курулуш компанияларын салык төлөөдөн качып жатканын сынга алды.

Салык кызматынын төрагасы учурда архитекторлордун, дизайнерлердин дээрдик 60% түрдүү жол менен кирешесин жашырып, салык төлөбөй жүргөнүн белгиледи.

"Мисалы "Мырза-Проект" ЖЧК, "ТУРАН констракшн" ЖЧК, "Данпроф-строй" ЖЧК сыяктуу отчет бербеген көптөгөн компаниялар бар. Ал эми "Аманат Инжиринг" ЖЧК жана "В климат" ЖЧК өз кызматкерлери үчүн киреше салыгын төлөшөт, бирок жүгүртүүлөрү тууралуу маалыматты көрсөтпөй коюуну туура көрүшөт. Эгерде компанияда кызматкерлердин эмгек акысына каражат болсо, демек, ал иштеп, киреше таап жатат дегенди билдирет. Бул жерден мыйзам ченемдүү суроо жаралат – салыктар кана?", - деп суроо койду Шыкмаматов.

Ал салык төлөө ар бир жарандын милдети экенин, салык мамлекетти өнүктүрүүгө сарпталарын эскертип, "мамлекетти алдаганга аракет кылып, салык төлөөдөн качкандар баарынан мурда өздөрүн, балдарын, ата-энесин алдап, тоноп жатышат" деди.

Алмамбет Шыкмаматов учурда Мамлекеттик салык кызматы бул тармактагы төлөмдөрдү жана каржылык агымдарды кылдат талдап жатканын, салык төлөөдөн качкан курулуш компанияларына да текшерүү күчөтүлөрүн жана чыныгы кирешесин жашырганы үчүн айып санкциялары салынарын эскертти.


Салык кызматынын төрагасы ошондой эле архитекторлорду, дизайнерлерди Креативдүү индустрия паркынын резиденти болууга чакырып, анда салыктан жеңилдиктер каралганын билдирди.

2022-жылы Кыргызстанда “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Анда креативдик деп аталган чөйрөдө иш алып барган ишкерлерге, жаратмандарга жеңилдиктер, айрым салыктардан жана социалдык төлөмдөрдөн бошотуу каралган. Тизмеге архитектор, дизайнерден тарта блогер, музыкант, журналист, жарнама, графика, анимация сыяктуу 15тен ашык жаңы багыттагы иш жүргүзгөндөр киргизилген.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл соңунда Салык кызматынын ошол кезде жаңы дайындалган жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовго салыктык талаптарды жөнөкөйлөштүрүү талабы коюлганын билдирген. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG