Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Жапаров менен Рахмон кыргыз-тажик чек ара келишимине кол койду


Эмомали Рахмон жана Садыр Жапаров. 13-март, 2025-жыл.
Эмомали Рахмон жана Садыр Жапаров. 13-март, 2025-жыл.

13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койду.

Андан тышкары айыл чарба, экономика жана маданий гуманитардык жаатта кызматташуу тууралуу документтерге эки өлкөнүн тиешелүү жетекчилери кол коюшту.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы жөнүндөгү жетишилген келишимди “тарыхый” деп баалап, эки өлкөнүн саясий, экономикалык байланыштарды жакшыртуу үчүн комплекстүү чаралар көрүлөрүн айтты.

“Сүйлөшүүлөр эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга салым кошот деп ишенем. Биз кыргыз-тажик алакасын бир тууган элдин кызыкчылактары үчүн жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экенибизди билдиребиз”, - деди Садыр Жапаров.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да маанилүү документтерге кол коюлганын айтып, мамлекеттик чек ара жөнүндөгү келишимди “тарыхый” деп атады. Андан тышкары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода алаканы 500 миллион долларга чыгаруу планы бар экенин кошумчалады.

27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитети биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоорун колдогон.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG