13-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Султанбай Айжигитов парламенттин борбордук трибунасынан 10 мүнөт сөз сүйлөөгө дагы бир жолу уруксат сурап, ал экинчи жолу четке кагылды. Парламенттин жыйынында катталган 73 депутаттын 24ү добуш берүүгө катышып, алардын 19у “макул”, беш депутат “каршы” добуш берди.
Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин борбордук трибунасынан “Ыйман Нуру” фракциясынан чыгарылышына байланыштуу гана сүйлөй турганын, “кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселе көтөрбөйм” деп айтты.
“Мыйзам чыгаруу бийлик бутагы толугу менен узурпация болуп калыптыр. Бул өтө жаман көрүнүш. Эч кандай жакшылыкка алып келбейт. Анан бизде иш жүзүндө парламент жок экенин көрсөтүп турат. Азыр 73 депутат катталды бирок 24ү эле добуш берди. Ошонун 19у “мага сөз бергиле” деп добуш берди. Беш эле киши каршы”, - деди ал.
Парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев, Султанбай Айжигитов сунушту экинчи жолу добушка коюу керектигин айтышты. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу маселе добуш берүү менен чечилгенин билдирип, парламентке айтылган сынга жооп берди.
“Парламент бар үчүн сиз бул жерде отурасыз. Кечээ болсо “уятыңар, бетиңер жок экен” деп айтып атасыз. Парламентте отурган депутаттардын уяты, бети, акылы да бар. Сөз деп эле сүйлөй бербеш керек да”, - деди ал.
12-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Султанбай Айжигитов парламенттин борбордук трибунасынан “Ыйман Нуру” фракциясынан чыгарылышы тууралуу 10 мүнөт сөз сүйлөөгө уруксат сурап, ал колдоо тапкан эмес. Ушундан улам депутат “Бул парламентпи же нотариалдык органбы?” деп суроо койгон.
Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор ачыларын” билдирген. Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу мындай билдирүүсүнөн кийин аны фракциядан чыгарган. Айжигитов эркин депутат катары ишин уланта берет.
Президент Садыр Жапаров бул маселе боюнча “Кабар” улуттук маалымат агенттигине интервью берип, чек ара түбөлүккө чечилип жатканын жана эки тараптын кызыкчылыгы тең эске алынганын айткан жана Султанбай Айжигитовдун сөзүн четке каккан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында Достук айылы Тажикстанга толук берилип, Кыргызстан ага жараша жер жана айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан дагы 30 гектар кошумча жер алып жатканын айткан.
Достук – район борбору Баткенден 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 70тей турак жай бар. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган. (BTo)
Шерине