АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Москва Киев менен келишимге барбаса, Америка бийлиги "Орусия үчүн кыйраткыч" аракеттерге барарын эскертти.
12-мартта Киев Украинадагы согушту токтотуу боюнча АКШнын планын колдогондон кийин Трамп Орусияга карата эң катаал билдирүү жасады.
"Биз каржылык жактан көргөн чаранын кесепети Орусия үчүн жаман, кыйратуучу болот", - деген Трамп мындай кадамдарга барууну каалабасын белгиледи.
Трамптын бул эскертүүсү АКШ президенти Ирландиянын премьер-министри Михол Мартин менен жолугушуу учурунда айтылды.
Ал "Украина менен тынчтык келишимин түзүүгө макулдатуу үчүн Владимир Путинге басым жасоого даярсызбы?" деген суроого жооп берип жатып "Ооба, колубуздан келет. Бирок мен буга зарылчылык болбойт деп ишенем", деди.
Тынчтык келишими шейшембиде Сауд Арабиясында америкалык жана украин делегацияларынын сүйлөшүүлөрүндө жетишилген. Ак үй маалымдагандай, президент Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф ушул аптада бул сунушту талкуулоо үчүн Москвага барат. Мамлекеттик катчы Марко Рубионун сөзүнө караганда, АКШ Кремлдин америка-украин келишимине мамилесин талдайт.
"Эгер алар макул болсо, биз прогресске жетиштик жана тынчтыкка жетишүү үчүн чыныгы мүмкүнчүлүк бар экенин билебиз. Эгер жок дешсе, алардын дымагы белгилүү болот", - деди Рубио.
Сауд Арабиясында 11-мартта өткөн тогуз сааттык сүйлөшүүлөрдөн кийин Украина АКШнын ок атышууну 30 күнгө токтотуу сунушуна макул болгон. Эми чечим кабыл алуу кезеги Москвада.
Шерине