Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев Москвада өткөн бизнес-форумда Орусияга кирүүдө чек арада тоскоолдуктар бар экенин билдирип, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) негизги талаптары аткарылбай жатканын айтты.
Ал ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын тоскоолдуксуз жүрүшү экенин эскертти. Бирок бул сакталбай жатканын сынга алып, бизнес-форумга катышкан Орусиянын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Владимир Падалкого кайрылды:
“Биз эртең менен учуп келип бажы бекетинде 40 мүнөттөй күтүп отурдук. Бул тартиптин гана жоктугунан болууда. Чек ара бекетинде Орусиянын жарандары үчүн, Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин жарандарына жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн деп бөлүп койсо деле болмок. Ким ЕАЭБге кирбесе, кезек күтүп турсун. Себеби биздин жарандар Орусиянын чек арасынан күн сайын өтөт”, - деди Темир Сариев.
Соңку жылдары кыргызстандыктардын Орусиянын аймагына кирүүсүнө тоскоолдуктар болуп, текшерүү күч алды. Москвага учуп барган кыргызстандыктардын ичинен ондогон жарандар түрдүү себептер менен Орусияга киргизилбей, артка кайтарылган окуялар көп.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) өткөн айдын башында Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилишинен жана мамлекеттик чек арадан чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө көзөмөлдүн күчөтүлүшүнөн улам кыргыз жарандарын зарыл иши болбосо Орусияга убактылуу барбай турууга чакырган.
2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган.
Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.
ТИМдин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. (BTo)
Шерине