Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:30

Украина ок атышууну 30 күнгө токтотууга макул болду, АКШ аскердик жардам көрсөтүүнү улантат


Сауд Арабиясындагы сүйлөшүүгө катышкан АКШ-Украина делегацияларынын өкүлдөрү. 11-март, 2025-жыл. Жидда шаары.
Сауд Арабиясындагы сүйлөшүүгө катышкан АКШ-Украина делегацияларынын өкүлдөрү. 11-март, 2025-жыл. Жидда шаары.

Украина ок атышууну 30 күнгө токтотуу боюнча АКШнын сунушуна макул болду. Ал эми Кошмо Штаттар Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү улантып, чалгын маалыматтар менен бөлүшүүнү жандандырат.

Бул тууралуу Сауд Арабиясында өткөн АКШ-Украина делегацияларынын тогуз сааттык сүйлөшүүсүнөн кийин эки тарап тараткан расмий билдирүүдө белгиленет.

Жолугушуудан кийинки маалымат жыйында Вашингтондун делегациясын жетектеп барган мамлекеттик катчы Марко Рубио Украина позитивдүү кадамга барганын, эми кезек Орусия тарапта экенин белгиледи.

Рубио кошумчалагандай, Кошмо Штаттар Орусия да ок атышууну 30 күнгө токтотууга макул болоруна үмүттөнөт. Бирок эгерде "жок" деген жооп болсо "анда, тилекке каршы, биз тынчтыкка ким тоскоолдук жаратып жатканын билебиз" деди мамкатчы.

Ал Жиддадагы сүйлөшүүдө кабыл алынган макулдашуулар Москвага жакын арада жеткирилерин белгиледи.

Андан тышкары делегациялар Киев менен Москва ортосундагы туткундарды айырбаштоо, Орусияга күчтөп чыгарылып кеткен украин балдарын кайтаруу маселелерин талкуулашканын украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Вашингтон бул сунуштарды Орусиянын өкүлдөрү менен талкуулоону убада кылды.

Ошондой эле Киев менен Вашингтон болушунча Украинанын сейрек кездешүүчү кен байлыктары тууралуу келишимге кол коюуну тездетүүнү макулдашкан. Буга чейин 28-февралда Ак үйдө Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШ лидери Дональд Трамп күтүүсүздөн кайым айтыша кеткенине байланыштуу бул келишимге кол коюлбай калган. Көп өтпөй АКШ Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү убактылуу токтотуп, андан соң чалгын маалыматтары менен бөлүшүүнү да чектеген.

Ошол окуядан кийин АКШ менен Украинанын делегациялары алгач ирет жолугушту.

Жиддадагы кездешүүгө украин президентинин администрациясынын башчысы Андрей Ермак, тышкы иштер министри Андрей Сибига, коргоо министри Рустем Умеров жана президенттик кеңсесинин жетекчи орун басары Павел Палиса катышты.

АКШ делегациясынын курамына мамлекеттик катчы Марко Рубио, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарман Стив Уиткофф кирди.

Бул жолугушууну утурлай Орусиянын бир катар аймактары жапырт дрон чабуулуна дуушар болуп, үч киши набыт болгону кабарланган. Ал эми Украинанын аймактары да ракеталык аткылоого туш болду.

Шерине

XS
SM
MD
LG