Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:41

Филиппиндин мурдагы президенти Дутерте Гаагага учак менен жөнөтүлдү


Филиппиндин мурдагы президенти Родриго Дутерте
Филиппиндин мурдагы президенти Родриго Дутерте

Филиппиндин мурдагы президенти Родриго Дутерте Европага багыт алган учакка отургузулганын жергиликтүү маалымат каражаттары 11-мартта жазышты. Ал андан бир нече саат мурда Эл аралык кылмыш сотунун (ICC) ордери менен кармалган.

Ордер анын ондогон жылдарга созулган баңгиге каршы күрөшүнө байланыштуу чыгарылган. Бул кампаниянын жүрүшүндө Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкөдө миңдеген адам өлтүрүлгөн.

Philippine Star гезити жогорку даражалуу полиция кызматкерине таянып, 79 жаштагы Дутерте Нидерланддын Гаага шаарына бараткан учакта экенин жазды. Бирок расмий булактар анын Гаагага жөнөтүлгөнүн ырастаган жок. Бул шаарда Эл аралык кылмыш сотунун кеңсеси жайгашкан.

Дутертенин кызы атасы учакка отургузулганын, бирок үй-бүлөсү анын кайда жөнөтүлгөнүн билбей турганын "Инстаграм" баракчасына жазды.

Эл аралык кылмыш сотунун маалыматына ылайык, Дутертеге "адамзатка каршы кылмышка баруу, киши өлтүрүү" боюнча айып тагылган.

Аны полиция 11-мартта таң эрте Гонконгдон кайтып келгенде Манила аэропортунда кармап кеткен.

Эл аралык кылмыш соту Дутертенин 2016-2022-жылдары Филиппин президенти жана ага чейин Давао шаарынын мэри болуп турганда жүргүзгөн "маңзатка каршы согушун" 2018-жылдан бери иликтеп келет.

Бул операцияда негизинен көптөгөн эркектер жок кылынган.

Associated Press агенттиги Давао шаарынын мурдагы полиция кызматкерине таянып, Дутертенин катаал кампаниясынын жүрүшүндө полиция жана жарандык куралчан топтор 10 миңге чейин адам сот-сопкутсуз өлтүрүлгөнүн жазды.

Укук коргоо уюмдары Дутертенин камалышын тарыхый окуя катары баалашты.

Дутерте 2019-жылы өлкөсүн Эл аралык кылмыш сотунун курамынан чыгарып кеткен, бирок ICC Филиппин мүчөлүктөн чыкканга чейин жасалган кылмыштар боюнча өз юрисдикциясын сактап калаарын билдирген.

Дутерте 22 жыл бою Давао шаарынын мэри болуп иштеген. 2016-жылы президенттик шайлоодо жеңишке жетип, өлкөдө көп жылдан бери көйгөй жараткан баңгизатка каршы күрөш жүргүзүүнү убадалаган.

Ал популисттик билдирүүлөрү, Батышка айыптаган билдирүүлөрү менен таанымал болгон.

Президент кезинде Дутерте өлкөнүн тышкы саясатын Кытайга буруп, узак жылдар бою негизги өнөктөш болуп келген АКШдан алыстаган.

"Чыгыштын Дональд Трампы" деген лакап ат менен белгилүү Дутерте бүгүнкү күнгө чейин Филиппинде популярдуулугун сактап келет.

Ден соолугунун начардыгына карабастан, ал 2024-жылдын октябрь айында кайрадан Даваонун мэрлигине талапкерлигин койгон.

Анын кызы жана саясий мураскери Сара Дутерте азыр Филиппиндин вице-президентинин кызматын ээлейт.

Шерине

XS
SM
MD
LG