Казакстан "Баку – Тбилиси – Жейхан" кууру аркылуу мунай экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен Астанадагы сүйлөшүүлөрдө билдирди.
"Биз Азербайжан аркылуу Казакстандын энергетикалык ресурстарын дүйнөлүк рынокко жеткирүү боюнча макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашырып жатабыз. Өткөн жылы бул куур аркылуу 1,4 миллион тонна мунай экспорттолгон. Келечекте бул көрсөткүчтү жылына 2,2 миллион тоннага жеткирүүнү пландап жатабыз", – деп билдирди Нуртлеу.
Казакстандын "Баку – Тбилиси – Жейхан" кууруна кызыгуусу Украинадагы согуштан кийин күч алды.
2023-жылдын апрелинде Казакстандын президенти Азербайжанга барып, Орусияны айланып өтчү Транскаспий коридорун өнүктүрүүнү макулдашкан.
Учурда бул маршрут менен ташылган мунайдын көлөмү көбөйгөнү менен, Каспий куур консорциуму (КТК) аркылуу өткөн экспортко салыштырмалуу дагы эле аз.
2023-жылы "Баку – Тбилиси – Жейхан" 1,5 миллион тонна казак мунайын кабыл алган.
КТКга караштуу Орусиядагы "Кропоткинская" мунай станциясына жасалган чабуулдан кийин адистер Азербайжан, Грузия жана Түркия аркылуу альтернативдүү экспорттук маршрутту өнүктүрүү зарыл экенин кайрадан белгилей башташты.
КТК Батыш Казакстан облусунда өндүрүлгөн кара майды Орусиянын Астрахань, Калмыкия жана Краснодар аймактары аркылуу Новороссийск портуна жеткирүүчү негизги маршрут болуп саналат.
2024-жылы КТК аркылуу 63 миллион тонна мунай ташылган, анын 53 миллион тоннасы Казакстанга таандык. Бул мунайдын экиден үч бөлүгү Европага жана АКШга жөнөтүлгөн.
Казакстандык талдоочулар өкмөттү Орусияга экспорттук көз карандылыкты азайтууга чакырып келишет. Алардын эсебинде бул өлкөгө көз карандылык аймактык жаңжалдар күчөгөн учурда олуттуу тобокелчиликтерге алып келиши мүмкүн.
Шерине