Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:00

Нукуста Казакстан, Орусиядан депортацияланган каракалпак активисттеринин соту башталды


Каракалпакстандык активист Ринат Утамбетов.
Каракалпакстандык активист Ринат Утамбетов.

Нукус шаардык сотунда Казакстан менен Орусиядан былтыр жыл соңунда депортацияланган каракалпак активисттеринин иши карала баштады. Бул тууралуу Адам укуктары боюнча Түркмөн Хельсинки фонду кабарлады. Буга чейин алар Каракалпак жумуриятынын (Өзбекстанга караштуу) борбор калаасы Нукустагы убактылуу кармоочу жайларда кармалып турушкан.

Расмий маалыматтарга ылайык, алар четтен өз ыктыяры менен кайтып келишкен. Фонд билдиргендей, 7-мартта Жеткербай Абдрамановдун иши боюнча соттук угуулар башталды. Ал "мамлекеттик түзүлүштү мыйзамсыз өзгөртүүгө ачык чакырган", "интернет аркылуу коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген материалдарды таркаткан" жана "тыюу салынган уюмдарга катышкан" деп айыпталууда.

Абдраманов 2022-жылдын июнь айында Өзбекстандын Конституциясына киргизиле турган өзгөртүүлөргө каршы Алматы шаарында добуш топтоп, өзбек атайын кызматтарынын көзүнө илинген. 2023-жылдын башында Казакстандан миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн депортацияланган активист бир нече өлкөдөн баш калка сураганга аракет кылган. Ал Европага Москва аркылуу чыгып кетүүгө аракет кылганда кармалган.

Андан тышкары 10-мартта Нукус шаардык соту Ринат Утамбетовдун дагы ишин карай баштады. Ага да "коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген материалдарды Интернет аркылуу жайылтуу", "тартип козгоочулардын ишине тоскоолдук жаратуу, аларга зомбулук көрсөтүү" сыяктуу айыптар тагылып жатат.

Мекенинде ага издөө жарыяланганына байланыштуу Утамбетов 2024-жылдын апрелинде Казакстанда кармалып, бир нече ай убактылуу кармоочу жайда камалып турган. Андан соң казак бийлиги аны Өзбекстандын атайын кызматына өткөрүп берген.

Каракалпакстан – Өзбекстандын батышындагы автономиялуу республика. 2022-жылдын июль айында Ташкенттин бул аймакты Өзбекстан курамындагы суверендүү республика макамынан ажыратуу планына каршы жапырт нааразычылык акциялары тутанган.

Өзбекстан бийлиги толкундоолорду күч менен баскан. Анда расмий маалыматтар боюнча 21 адам каза болгон. Акцияны уюштургандарга каршы кылмыш иштери козголуп, бир нече адам узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG