Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:00

Сауд Арабиясында Украина-АКШ делегацияларынын сүйлөшүүлөрү башталды


АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Жиддага бараткан маалда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. 10-март, 2025-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Жиддага бараткан маалда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. 10-март, 2025-жыл.

Сауд Арабиясынын Жидда шаарында Украина менен АКШ делегацияларынын сүйлөшүүлөрү башталды. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Ага Украина президентинин администрациясынын башчысы Андрей Ермак, тышкы иштер министри Андрей Сибига, коргоо министри Рустем Умеров жана президенттин кеңсесинин жетекчи орун басары Павел Палиса катышууда.

Дүйшөмбүдө (10-мартта) Жиддага Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен жолугушууга келген Украина президенти Владимир Зеленский сүйлөшүүлөргө катышпайт.

АКШ делегациясынын курамына мамлекеттик катчы Марко Рубио, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц жана Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф кирет.

"Биз Украинанын позициясын түшүнүшүбүз керек жана алар кандайдыр бир мунасага барууга канчалык даяр экенин билишибиз зарыл. Себеби эки тарап тең келишимге келмейинче, ок атышууну токтотуу жана бул согушту аяктоо мүмкүн эмес", – деп билдирди Рубио дүйшөмбү күнү Жиддага бара жатып учактын ичинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Bloomberg агенттигинин өз булактарына таянып жазгандай, Уиткофф ушул жумада Орусияга барып, Владимир Путин менен жолугушууну көздөп жатат.

Бирок Орусия жана АКШ бийлигинин өкүлдөрү анын Москвага сапары тууралуу расмий маалымат бере элек.

10-мартта Financial Times басылмасы өз булактарына таянып, украин делегациясы АКШ менен сүйлөшүүлөрдө Орусия менен ок атышууну жарым-жартылай токтотуу боюнча сунуш киргизүүгө ниеттенип жатканын жазды.

Бул келишимде дрондорду жана алыскы аралыкка атылуучу ракеталарды колдонууну токтотуу, Кара деңиздеги аскердик операцияларды чектөө сунушталган.

Украина сүйлөшүүлөрдөн кийин Вашингтон чалгын маалыматтарын бөлүшүүнү жана аскердик жардам жеткирүүнү кайра жандандырат деп үмүттөнүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG