Орусиянын баш калаасы Москвага жана Москва облусуна жасалган дрон чабуулунан эки адам каза болуп, ондон ашууну жараат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди.
Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев Домодедоводо машина токтотуучу жайда 38 жаштагы киши набыт болгонун, ошол эле жерде жараат алган экинчи киши ооруканада көз жумганын Телеграм-каналына жазды. Дагы үчөө жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Дрон сыныктарынан жабыркагандардын арасында төрт жаштагы бала бар.
Раменское шаарында беш адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. Шаардагы көп кабаттуу үйдө жети батир жабыркаганын жергиликтүү бийлик билдирди.
Москва мэри Сергей Собянин өзүнүн Telegram-каналы аркылуу маалымдагандай, 70тей украин дрону абадан жок кылынды.
“Росавиациянын“ маалыматына ылайык, дрон чабуулунан улам Москвадагы Жуковский жана Домодедово аэропорттору убактылуу ишин токтотту. Кийинчерээк Внуково аэропорту да учактарды кабыл албай, каттамдар кыска мөөнөткө токтогонун билдирди.
Москванын эле эмес, Рязань шаарынын тургундары да дрон чабуулу тууралуу билдиришти. Маалыматтарга караганда, ал жерде “Дягилево” аскердик аэродрому бутага алынган. Рязань облусунун губернатору Павел Малков Telegram-каналында абадан коргонуу күчтөрү (ПВО) дрон чабуулуна жооп кайтарганын жана эч ким жабыркабаганын, ошондой эле турак жайларга жана социалдык объектилерге зыян келтирилбегенин билдирди.
Белгород облусунда электр зымдары жабыркап, 38 айыл-кыштак жарыксыз калды. Бул тууралуу облус башчысы Вячеслав Гладков маалымдады.
Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, түн ичинде өлкө аймагында жалпысынан 337 дрон атып түшүрүлгөн.
Бул согуш башталгандан бери Москвага жана жалпы Орусияга жасалган эң ири чабуул болду. Орусиянын Тергөө комитети бул терроризм фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
Шерине