12-13-март күндөрү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул чек ара чырына байланыштуу эки өлкөнүн мамилеси начарлап кеткенден бери Эмомали Рахмондун Кыргызстанга биринчи сапары болот.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель айында чек арада болгон кандуу окуядан кийин солгундап кеткен. Мындан улам Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.
Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Эмомали Рахмондун президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылганын кабарлады.
“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда”, - деди Муратбек Азымбакиев.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2024-жылы декабрь айында берген интервьюсунда Кыргызстан Тажикстан менен чек ара бекеттерин эки өлкөнүн чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия ишин жыйынтыктаганда ачарын билдирген. Ушул эле маегинде кыргыз-тажик чек арасын тактоодо талаш болуп келген жерлер теңме-тең бөлүштүрүлгөнүн, айрым тилкелер боюнча да ушундай эле алмашуулар болгонун айткан.
27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору колдоо тапкан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар тарабынан бекитилген. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды. (BTo)
Шерине