АКШ жана Украинанын өкүлдөрү келерки жумада Сауд Аравиясында жолугушат. Бул тууралуу Украина президенти Владимир Зеленский 6-марттын кечинде социалдык тармактар аркылуу билдирди.
"Украина менен Американын командалары кайрадан иштеп баштады, жана биз келерки жумада мазмундуу жолугушуу болот деп үмүттөнөбүз", – деп жазды Зеленский.
Ал өзү да Сауд Арабиясына барарын, бирок бул сүйлөшүүлөргө түздөн-түз катышпастыгын кошумчалады. Маалыматка караганда, украин президентинин командасы америкалык кызматташтар менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Ак үйдүн атайын өкүлү Стив Уиткофф бул маалыматты ырастады. Анын айтуусуна караганда, координациялык иштер жүрүп жатат жана жолугушуу Эр-Риядда же Жиддада өтүшү мүмкүн.
"Биз үчүн тынчтык келишимине жетишүү баарынан маанилүү", – деп билдирди Уиткофф журналисттерге.
Fox News телеканалынын Ак үйдөгү кабарчысы Жеки Хайнричтин маалыматына ылайык, жолугушууга АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтц, АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Украинанын президенттик кеңсесинин башчысы Андрей Ермак катышат.
Axios басылмасы өз булактарына таянып, сүйлөшүүлөрдө Орусия менен согушта ок атышууну токтотуу аракеттери талкууланарын билдирди.
28-февралда Зеленский Ак үйгө сейрек кездешүүчү минералдар боюнча келишимге кол коюу үчүн барган. Анда жолугушуу кызуу кайым айтышууга айланган. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп жана вице-президент Жей Ди Вэнс Зеленскийден АКШнын колдоосу үчүн көбүрөөк ыраазычылык күтөөрүн айтышкан. Зеленский болсо анда Вашингтондон коопсуздук кепилдиктерин талап кылган. Ошентип келишимге кол коюлбай, украин президенти Ак үйдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Кийинчерээк Зеленский бул жолугушуу "пландалгандай өткөн жок" деп мойнуна алып, сүйлөшүүлөргө мүмкүн болушунча тезирээк кайтууга даяр экенин билдирген.
Белгилей кетсек, 18-февралда Эр-Рияд шаарында АКШ жана Орусиянын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн. Жолугушуудан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио эки өлкө элчиликтеринин иши калыбына келтирилерин билдирди. Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров үч негизги максат талкууланганын айткан. Бул эки өлкөнүн элчилерин дайындоо (Путин АКШдагы Орусия элчиси катары ТИМдин Түндүк Америка департаментинин директору Александр Дарчиевди дайындады), Украина боюнча сүйлөшүүлөр үчүн өкүлдөрдү аныктоо жана Орусия менен АКШнын кызматташтыгын толук калыбына келтирүү боюнча шарттарды түзүү.
Шерине