Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:03

Сирияда өкмөттүк күчтөр менен Асаддын тарапташтары кармашып, ондогон адамдын өмүрү кыйылды


Латакиянын түштүк-чыгышындагы Хмеймим авиабазасындагы орус армиясынын танктары. Иллюстрациялык сүрөт.
Латакиянын түштүк-чыгышындагы Хмеймим авиабазасындагы орус армиясынын танктары. Иллюстрациялык сүрөт.

Сириянын Латакия провинциясында өкмөттүк күчтөр менен бийликтен кулатылган президент Башар Асаддын тарапташтары кагылышып, 70тей кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды. Аталган провинцияда Орусиянын Хмеймим авиабазасы жайгашкан.

Сириядагы адам укуктарынын абалына көз салган борбордун (SOHR) маалыматына караганда, Латакия шаарынын жана анын айланасында коопсуздукту камсыздоо Идлибден көп сандагы аскерлер тартылган. Кагылышуулар аскерлер түшөрү менен башталган. SOHR маалыматына ылайык, бир нече калктуу конуштагы кармаштарда жалпы 70ке жакын адам, анын ичинде Коргоо жана Ички иштер министрликтеринин 35 кызматкери каза болду. Ондогон киши жараат алды.

Латакия, Тартус жана Хомс провинцияларында аскердик операциянын жүрүшүнө байланыштуу 24 сааттык коменданттык саат киргизилди. SOHR уюмунун башчысы Рами Абдуррахмандын айтымында, Латакиядагы кармаш Асаддын режими кулагандан берки эң кандуу кагылышуу болуп калды.

Борбордун маалыматы боюнча, мурдагы президенттин тарапташтары Латакиянын Кардаха шаарын жана бир катар башка калктуу конуштарды көзөмөлдөп турушат. Ал калаада Башар Асаддын атасы туулган.

2024-жылдын декабрында оппозициялык топтордун чагылгандай тездик менен жүргүзүлгөн чабуулунун натыйжасында ондогон жылдардан бери башкараган Асаддын режими кулаган. Башар Асад өзү Москвага качып, ал жактан башпаанек алган.

Жаңы өкмөттүн башына АКШ жана башка бир катар мамлекеттер террордук уюм деп тааныган "Хайят Тахрир аш-Шам" тобунун лидерлери келген.

Шерине

XS
SM
MD
LG