Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Евробиримдик лидерлери коргонууга бөлүнүүчү каражатын көбөйтүү планын бекитишти


Еврошаркеттин саммитинде. Бельгия. 2025-жыл.
Еврошаркеттин саммитинде. Бельгия. 2025-жыл.

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Брюсселдеги саммитте аскердик чыгашаларды кескин көбөйтүү боюнча планды бекитишти. Бул АКШ президентинин Европа келечекте коргонуу маселесинде өз күчүнө гана ишенүүгө тийиштигин ишара кылгандан кийин ишке ашты.

Еврошаркет өлкөлөрү аскердик чыгашаларды көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүчү бюджеттик чектөөлөрдү жеңилдетүүнү жактырышты. Еврокомиссиянын эсеби боюнча, ушундай жол менен 650 миллиард евро бошоп калышы мүмкүн.

Саммиттин катышуучулары ошондой эле Еврокомиссиянын Евробиримдик өлкөлөрү үчүн абадан жана ракетадан коргонуу системалары, артиллерия жана ок-дары, учкучсуз учактар жана учкучсуз учактардан коргонуу системалары сыяктуу коргонуу инвестицияларын каржылоо үчүн Еврокомиссиянын 150 миллиард евролук насыя фонду сунушуна да көңүл бурушту.

Ушул жуманын башында Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Лейен ReArm Europe планын сунуштады. Документке ылайык, Евробиримдик өзүнүн коргонуусу үчүн жоопкерчиликти алат жана келечекте Украинага жардам берүүгө даяр экенин билдирет.

Шерине

XS
SM
MD
LG