Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Тасмагамбетов Еврошаркет Украинага аскер жиберсе ЖККУ да өз вариантын сунуштаарын айтты


Имангали Тасмагамбетов
Имангали Тасмагамбетов

Евробиримдик өлкөлөрү Украинага аскер жиберүүнү чечсе, Жаматтык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) да Орусияга өз варианттарын сунуштоого даяр болот. Бул тууралуу ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов "Известия" гезитине курган маегинде билдирди.

Ал НАТОго Швеция менен Финляндия кошулган соң альянстын жигердүүлүгү өскөнү тынчсыздануу жаратпай койбосун, анткени "сөз эки аскерий-саясий союздаштар - НАТО менен ЖККУнун кесилиш сызыгынын кеңейүүсү тууралуу болуп жатканын" белгиледи.

Тасмагамбетовдун сөзүнө караганда, Еврошаркеттин эли өлкө башчыларынын Украинага аскер жиберүү чечимин колдобошу мүмкүн. Мындай кырдаал эгер европалык аскерлер согушка катышпай, байкоочулук позицияны ээлеп же полиция болгон күнү деле Еврошаркет коомуна жүк болушу мүмкүн деп эсептейт Тасмагамбетов.

"Европанын борборлорунда Украинага аскер жиберүү маселеси алгачкы жолу талкууланып жаткан жок. Бирок алигүнчө бул контингенттин аскерлери Украинага бара элек. Буга мындай аракеттин аймактын масштабында кооптуу кырдаал жаратышы ыктымалдыгы себеп. Мындай тобокелдик пайда болгон учурда ЖККУ уюмдун уставдык документтеринин алкагында каралган жана мүчө-мамлекеттер макулдугун берген жардам варианттарын сунуштоого даяр болот", - деди Тасмагамбетов.

Украинага аскер жиберүү тууралуу сөздөр Европада акыркы убактарда күч алды. Европа лидерлери АКШ президенти Дональд Трамптын бийликке келиши менен Украинадагы согушка мамилесин өзгөрткөнүнө ынанышты.

5-мартта Франциянын президенти Эммануэль Макрон согуш Украинанын капитуляциясы менен аяктабашы керектигин, тынчтыкка "кандай болбосун" (эптеп эле) жетүү максат эместигин айтты. Макрон тынчтык бекем жана кепилденген болушу керектигин баса белгиледи. Ал ошол эле учурда тынчтык келишимине жетишилгенден кийинки кепилдик катары европалык аскерлердин Украинага жайгаштырылуу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок. Франциянын президенти Орусия Украина үчүн гана эмес, Евршаркет үчүн да коркунуч келтирерин, Орусия армиясын чыңдоону улантып жатканын жана Украина менен эле токтоп калбасын баса белгиледи.

Тасмагамбетов Батышка каршы идеясын буга чейин да айтып келген. Былтыр декабрда Москвадагы маалымат жыйынында Батыш өлкөлөрүн "дос эмес мамлекеттер" деп атап, НАТОнун Орусия менен Беларуска басып кириши "ыктымалдыгын" айтты. Ал ошондой эле 2022-жылы 24-февралда башталган орус баскынчылыгынан өзүн коргоп жаткан Киевге Батыштын курал-жарак жеткирүүсүн айыптаган.

Имангали Тасмаганбетов - 2023-жылдын башынан бери ЖККУ баш катчысы. Анын мандатынын мөөнөтү үч жыл.

ЖККУга Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Армения былтыртан бери мүчөлүгүн токтоткон.

Шерине

XS
SM
MD
LG