Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Politico: АКШ украин оппозициясы менен жашыруун сүйлөшүү жүргүздү


Петро Порошенко менен Юлия Тимошенко (Коллаж, архив).
Петро Порошенко менен Юлия Тимошенко (Коллаж, архив).

АКШнын президенти Дональд Трамптын чөйрөсүндөгү төрт жогорку даражалуу аткаминер украин оппозициясы менен президенттик шайлоо боюнча тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Жогорку Раданын үч депутаты жана АКШнын Республикачылар партиясынын тышкы саясат боюнча аты аталбаган эксперти айтып бергенин Politico басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, сүйлөшүүлөр Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенко жана мурдагы президент Петро Порошенконун тарапташтары менен болду. Анда Украинада президенттик шайлоону ок атышууну токтотуу макулдашылгандан кийин, бирок тынчтык сүйлөшүүлөрү башталганга чейин өткөрүү талкууланганы кабарланды.

Макалада АКШ тарап Украинанын президенти Владимир Зеленский шайлоодо утулат деп ойлоп жатканы, анткени украин эли согуштан тажап, “коррупциянын көбөйүшүнө” нааразы экени жазылган.

Ошол эле кезде басылма Лондондогу Survation борборунун сурамжылоосун жарыялап, анда респонденттердин 44% Зеленскийге, 10% Порошенкого жана 6% Тимошенкого добуш берерин айтышканын эске салган.

Украинада 2022-жылдын февралынан бери согуштан улам шайлоо өткөрүлбөй турат.

Украиналык оппозиячылар Тимошенко менен Порошенко да согуш аяктаганча шайлоо өткөрүүгө каршы экенин ачык айтып чыгышкан.

Politico булагынын айтымында, алар "өздөрүн Трамп менен иштей ала турган адамдар катары көрсөтүүдө". Тимошенконун кеңсеси жашыруун сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берген жок. Politico америкалык аткаминелерге да кайрылып, жооп ала алган эмес.

Буга чейин Трамп Зеленскийдин рейтинги 4% түзөрүн айткан. Украинанын президенти бул "Орусия тараптан жайылган жалган маалымат экенин" белгилеген. Зеленский Киевдеги эл аралык социология институтунун сурамжылоосуна таянып, ага украиндердин 57% ишенерин айткан.

Зеленский Украина НАТОго кабыл алынса гана согуш аяктаганга чейин отставкага кетерин билдирип келген.(AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG