Түштүк Кореянын Пхочхон шаарынын кеминде 15 тургуну жарандык объектиге түшкөн ок-дарыдан жаракат алганын 6-мартта "Рёнхап" маалымат агенттиги жазды.
"Франс-Пресс" маалымат агенттиги өлкөнүн армиясынын билдиргенине таянып, аскердик учактардын бири машыгуу учурунда жарандык объектиге кокусунан сегиз авиабомба таштап алганын кабарлады.
"MK-82 аталышындагы сегиз бомба күтүлбөгөн жерден аба күчтөрүнө таандык KF-16 учагынан белгиленген полигондун сыртына түштү", - деп маалымдады Түштүк Кореянын аскердик-аба күчтөрүнө таянып Би-Би-Синин орус кызматы.
Такталган маалыматтарга караганда, авиабомбалар турак жайдын жанындагы жолго түшкөн. Жабыркагандар ооруканага жаткырылып, кеминде эки адамдын абалы оор деп бааланууда. Алардын арасында чет элдиктер жана аскер кызматкерлери бар.
Аскердик аба күчтөрүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, чиркөө жана башка бир нече имарат, жүк ташуучу унаа жабыркаган. Мекеме окуяга байланыштуу өкүнүчүн билдирип, келтирилген зыяндын ордун толтурууга убада берди.
Пхочхон шаары борбор калаа Сеулдан 43 чакырым түндүктө, Түндүк Корея менен чек арага жакын жайгашкан.(AiA)
Шерине