Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Орусиядан мыйзамсыз ташылып келаткан 21 тонна тоок эти Кыргызстанга киргизилбегенин кабарлады.
Талас облусундагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктунун инспекторлору тоок этин текшерип, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ветеринардык-санитардык талаптары бузулганын аныкташкан.
Министрлик товар маркирленбегени такталганын кошумчалады.
Жыйынтыгында “Чоң-Капка” чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайынын инспекторлору тиешелүү акт түзүп, жүк кайра Орусияга жиберилди. (BTo)
Дагы караңыз
Шерине