Кошмо Штаттар Украина менен чалгын маалыматтарын бөлүшүүнү токтотту. Бул тууралуу өз булактарына таянып, британиялык Financial Times (FT ) гезити жазды. Кийинчерээк муну АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын директору Жон Рэтклифф тастыктады.
Гезит чалгынчылар бөлүшкөн маалыматсыз украин куралдуу күчтөрүнө орусиялык аскерлерге каршы натыйжалуу согушуу кыйын болорун белгилейт.
Ошол эле маалда Киевдеги расмий адамдардын бири Bloomberg агенттигине билдиргендей, Украина АКШдан чалгын маалыматтарды алууну улантууда.
FT булактарынын бирине шилтеме менен жазгандай, Вашингтон чалгын кызматтарынын Орусия жана Украинага байланышкан маалыматтарын жакын өнөктөштөрүнө мурдагыдай эле бөлүшө берет. Буга чейин Daily Mail басылмасы АКШ Лондонго америкалык маалыматты Украинага өткөрүүгө тыюу салганын маалымдаган.
Шейшембиде Трамп Украинага бардык аскердик жардамды убактылуу токтоткону кабарланган. Администрация бул тууралуу расмий билдирүү таратпаганы менен, бир катар медиа жогорку даражалуу аткаминерлерге таянып жазган.
28-февралда Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолгон. Зеленский Киев ок атышууну токтотуу келишимин кабыл алууга даяр эместигин, Вашингтондон коопсуздукка байланыштуу кепилдик керек экенин айтканда лидерлер ортосунда пикир келишпестик жаралган. Ак үйдүн Сүйрү бөлмөсүндөгү курч сүйлөшүүгө америкалык вице-президент Жей Ди Вэнс да аралашкан.
Трамп менен Вэнс украин тарап АКШнын жардамына "ыраазы болбой" жатканын айтышкан. Украин президенти Ак үйдөн чыгып кетип, эч кандай документке кол коюлбай, эки лидердин пландалган биргелешкен маалымат жыйыны да өтпөй калган. Бул күнү эки өлкө Украинанын кен байлыктары боюнча келишимге кол коюшмак.
Президент Трамп 5-мартта (АКШда 4-март) Конгресстеги кайрылуусунда украин лидери Зеленскийден тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даярдыгын билдиргени тууралуу кат алганын айтты. Ошондой эле Трамп Украина кен байлыктар боюнча келишимге "каалаган убакта кол коюуга даяр" экенин кошумчалады.
Зеленский 2-марттагы кечки видео кайрылуусунда "Албетте, биз Америка Кошмо Штаттарынын маанисин түшүнөбүз жана алган бардык колдоо үчүн ыраазыбыз" деп айткан. Ал ошондой эле Лондондо журналисттердин суроолоруна жооп берип, керек болсо Ак үйгө кайра барууга даяр экенин билдирген.
Шейшембиде Зеленский Трамп менен Ак үйдөгү кайым айтышууга өкүнөрүн айтты.
Шерине