Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара келишими тууралуу “Кабар” агенттигине 5-мартта маек курду.
Ал кыргыз-тажик чек арасы жөнүндө келишимге ылайык, эки тарап тең уттурбаганын билдирген.
"Эки тарап тең уттурган жок. Бардык талаш жерлер 50/50 чечилди. Айылдар алмашты. Жерлеринин көлөмү канча болсо ошончо жерлери менен алмашылды. Мисалы, Достук айылыбыз тажик тарапка өтсө, бизге Самонион айылы өтүп атат. Алар деле “Айылыбызды бергибиз келбей жатат, ата-бабаларыбыздын сөөгү жатат” деп атышат. Бул жерде бир айылдын маселеси чечилип жаткан жок. Эки мамлекеттин маселеси чечилип жатат. Айылдар алмашылып атканы эң туура болду. Себеби, Достук айылыбыз Тажикстанга чапташып турган жалгыз айыл. Самонион айылы Кыргызстанга чапташып турат. Шахматтык түрдө жайгашып калган. Ошол үчүн алмашуулар туура эле болду. Эми мындан ары чыр чатак чыкпайт. Түбөлүк тынчтык, ынтымак орнойт", - деген Тургунбек уулу.
Спикер депутат Султанбай Айжигитовдун Достук айылы стратегиялык мааниге ээ экени, аны алмашуу туура эмес болуп калганы тууралуу сөзүнө комментарий берип, Достук "эч кандай стратегиялык мааниге ээ эмес" деп белгилеген.
"Эч кандай стратегиялык мааниге ээ эмес. Тескерисинче Баткенден алыс жайгашкан, Тажикстандын чек арасына чапташып турган айыл. Алар деле "Самонион же Хожало айылдарыбыз стратегиялык мааниге ээ айылдар" дей беришсе жарашат да. Ошондуктан эки тарап тең уттурган жок. Теңме-тең чечилип келгенин Камчыбек Кыдыршаевич комитеттин жыйынында түшүнүктүү кылып айтып берди. Түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбегендер сүйлөй берет экен да. Стратегиялык деп Төрт-Көчөнү айтсак болот. Азыр Төрт-Көчөгө КВО макамы берилип, нейтралдуу болду. Мына ушуну чоң утуш десек болот", - деди Тургунбек уулу.
Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор ачыларын” билдирген.
Бул жыйынга спикер катышкан эмес, вице-спикер Жамиля Исаева алып барган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында Достук айылы Тажикстанга толук берилип, Кыргызстан ага жараша жер жана айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан дагы 30 гектар кошумча жер алып жатканын айткан.
Достук – облустун борбору Баткен шаарынан 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 70тей турак жай бар. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган.
2022-жылы да чек арадагы жаңжалда айыл дээрлик толугу менен талкаланып, атайын план менен кайра курулуп, түптөлгөн. Социалдык мекемелер, мектеп баары жаңыланган.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.(ZKo)
Шерине