Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин депутат Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды.
Фракциянын 5-марттагы кезексиз жыйында Динара Ашимова, Эрнис Айдаралиев, Винера Раимбачаева Султанбай Айжигитовду “Ыйман Нурунан” чыгарууну колдоду. Замирбек Мамасадыков калыс болуп, Султанбай Айжигитов өзү каршы добуш берди.
“Султанбай Айжигитов фракциянын саясий позициясына туура келбеген ойду айтты. Себеби, биз концепцияны (ред: чек арага байланыштуу) талкуулаган учурда Султанбай Айжигитов “Толук колдойм. Менин сунуштарым кабыл алыныптыр” деп сүйлөгөн. Депутат ар бир сөзүн анализ кылып туруп сүйлөш керек”, - деди Динара Ашимова.
Султанбай Айжигитов фракциянын чечимине комментарий берген жок. Депутат фракциядан чыгарылганы менен ал эркин депутат катары ишин уланта берет.
Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор ачыларын” билдирди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында Достук айылы Тажикстанга толук берилип, Кыргызстан ага жараша жер жана айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан дагы 30 гектар кошумча жер алып жатканын айткан.
Достук – район борбору Баткенден 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 70тей турак жай бар. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган.
2022-жылы да чек арадагы жаңжалда айыл дээрлик толугу менен талкаланып, атайын план менен кайра курулуп, түптөлгөн. Социалдык мекемелер, мектеп баары жаңыланган.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.
Парламенттеги “Ыйман Нуру” фракциясынын беш мүчөсү бар. Анын мурдагы лидери Нуржигит Кадырбеков 2024-жылы август айында мандатын тапшырып, Динара Ашимова лидер болуп калган. (BTo/AiB)
Шерине