Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда судьялык кызматка талапкерлердин резервин түзүү тапшырмасын берип, коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу үчүн судьяларды тандоо системасын жакшыртуу керектигин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 5-мартта судьялардын ХIII курултайында сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Садыр Жапаров өлкөдө антикоррупциялык мыйзамдар күчөтүлүп жатканын, мунун баары мамлекеттик башкаруу системасындагы жооптуу адамдардын коррупциялык мыйзам бузуу аракеттерин алдын алууга багытталганын кошумчалады.
“Сиздер, сот бийлигинин өкүлдөрү катары, мен эмне тууралуу айтып жатканымды жакшы түшүнүп турасыздар деп ойлойм. Өлкөбүздө коррупцияга каршы күрөш өтө актуалдуу маселе бойдон калып жатканын эске алуу менен, бул маселени ушул жыйында көтөрүү зарыл деп эсептейм. Жана бул көйгөйгө дыкат көңүл буруп, тиешелүү жыйынтыктарды чыгарасыздар деп ишенем!”, - деди ал.
Кыргызстанда 2023-жылы Судьялар кеңеши башкы прокурордун сунуштарынын негизинде мурда иштеп кеткен жана кызмат ордунда турган алты судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берип, үч судья жоопкерчиликке тартылган. Андан тышкары сегиз судья жумуштан алынган.
Соттор кеңеши 2024-жылы 9 судьяны жоопкерчиликке тартууга макулдук берип, алардын бешөөнө жаза чегерилген.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.
Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт. (BTo)
Шерине