Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Депутат Айжигитов Баткендеги Достук айылын алмашуу чечимин туура эмес деп эсептей турганын билдирди


Султанбай Айжигитов.
Султанбай Айжигитов.

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору менен толук таанышып чыкканын айтты. Бул тууралуу депутат парламенттин 5-марттагы жыйынында билдирди.

Айжигитовдун сөзүнө караганда, кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоорунун 12-беренесинде “бул келишимдин мөөнөтү жок жана кайра кароого жатпайт” деп жазылган. Муну ал “азыр сунушталып жаткан документ бекитилсе Тажикстан Ворух анклавына коридор алат” деп эсептейт.

“Ворух анклавына коридор ачууга тоскоолдук кылган эки эле нерсе бар болчу. Биринчиси – Достук айылы. Тажиктер “Достук айылын толугу менен бизге бергиле” деп бекеринен талап койгон эмес. Биз ага макул болуп, бул тоскоолдукту алып коюп атабыз. Биз үчүн Достуктун стратегиялык мааниси – ошол коридорго жол бербей турганы. Андан тышкары чек араны ошол жерде жашап жаткан эл коргоп турат”, - деди ал.

Султанбай Айжигитов жерди алмаштырууда анын аянтына эле эмес, стратегиялык маанисине көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында депутат Балбак Түлөбаев бийлик жетекчилери жана парламент чек ара боюнча тарыхый чечим кабыл алуу алдында турганын, Баткенде жергиликтүү тургундар маселенин чечилишин талап кылып жатышканын айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим тууралуу маалымат берип жатып Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга толук берилип, талаштуу болуп келген Төрт-Көчө нейтралдуу макамга ээ болуп, Кыргызстан менен Тажикстан бирдей пайдаланарын айткан.

“Достук айылын биз толук бойдон бердик тажиктерге. Себеби Достук айылы биздин айылдардан эң алыс жайгашкан. Ал жерде стратегиялык жана экономикалык пайда жок. Айылдын ордуна биз шарт коюп, айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан 30 гектар жер алдык. Суулуу жерден алдык. Элди көчүрүп, кайра алардын ар бирине мамлекет тарабынан үй салып беребиз”, - деген Камчыбек Ташиев.

Достук – район борбору Баткенден 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 70тей турак жай бар. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган.

2022-жылы да чек арадагы жаңжалда айыл дээрлик толугу менен талкаланып, атайын план менен кайра курулуп, түптөлгөн. Социалдык мекемелер, мектеп баары жаңыланган.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG