Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:19

Сербия: Парламенттеги башаламандыкта үч депутат ооруканага түштү


Серб парламенти. 3-март 2025-жыл.
Серб парламенти. 3-март 2025-жыл.

4-мартта түштөн кийин Сербиянын парламенти - Элдик ассамблеяда оппозиция өкүлдөрүнүн нааразылыгы массалык баш аламандык менен коштолду. Имаратта түтүн чыгарган шашка ыргытылып, парламенттин спикери Ана Брнабичке суу чачышкан. Маалыматка караганда үч аял депутат ооруканага жаткырылды, алардын бири сегиз айлык кош бойлуу.

Жергиликтүү Danas басылмасынын маалыматына караганда, оппозиция өкүлдөрү жогорку окуу жайларга жана жаштарга турак-жай ссудасы боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр талкуулана турган жыйынды үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты. Оппозициялык депутаттар жыйынга бойкот жарыялап, нааразылык акциясына чыгышты.

Маалыматкка караганда, эки тарап тирешип, оппозиция өкүлдөрү спикер Ана Брнабичке жакын барганда коопсуздук кызматкерлери аларды токтотууга аракеттенишкен.

Андан соң залда бийликке каршы ураандар жазылган плакаттар пайда болуп, фейерверк атылып, түтүн чыгарган шашка ыргытылды.

Брнабич белгилегендей, депутаттар Ясмина Обрадович, Ясмина Каранац жана Санья Илич жаракат алды. Аял депутаттардын бири инсульт алганы жана абалы кооптуу экенин кабарланды. Дагы бири башынан жаракат алган. Кош бойлуу эл өкүлүнүн абалы кандай экени белгисиз.

Окуяга карабастан парламенттин жыйыны уланды. Элдик ассамблеянын алдына нааразы болгондор чогулганы кабарланууда.

Сербияда нааразылык былтыр күздөн бери токтобой келатат. Анын башталышына Нови-Сад шаарындагы кырсык түрткү болгон. 2024-жылы 1-ноябрда автобекеттин чатыры кулап, 15 адамдын өмүрү кыйылган.

Демонстранттар күнөөлүүлөрдү жазалоону жана өлкө жетекчилигинин, анын ичинде президент Александр Вучичтин кызматтан кетишин талап кылууда. 2025-жылдын январындагы нааразылык акцияларынан улам Сербиянын премьер-министри Милош Вучевич кызматынан кеткен. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG